Депутат Марат Аманкулов: "Крымга болгон иш сапарыбызда эч кандай саясий билдирүүлөрдү айткан жокпуз"

"Крымга болгон иш сапарыбызда эч кандай саясий билдирүү билдирген жокпуз", - деп бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына КСДП фракциясынан депутат Марат Аманкулов билдирди.
"Крымга жеке сапар менен бардык. Крымдыктардын жашоосу дайыма мага кызыктуу болчу. Алардын жашоосу менен таанышып, эл менен жолуктук. Жолугушуулар көп болду. Ал жерде саясий акциялар болгон жок", - деди ал.
Айта кетсек, Украинанын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Микола Дорошенко КСДП фракциянын депутаттары Ирина Карамушкина менен Марат Аманкуловдун Крымга барганын сынга алып, өлкөнүн тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жөнөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

