Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергенов Кытайда "Азиянын эӊ популярдуу аткаруучусу" аталды

Казакстандык ырчы, учурда Кытайдагы "Singer-2017" музыкалык сынагына катышып, аталган өлкөдө популярдуулугу артып жаткан Димаш Кудайбергенов кечээ, 27-мартта өткөн "China Top music Awards" аземинде "Азиянын эӊ популярдуу аткаруучусу" номинациясы боюнча жеӊишке жетишкен. Бул тууралуу ырчынын менеджери Алпамыс Шаримов билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Мен эми Азиянын популярдуу ырчысынын расмий досумун. Кандай бакыт, кубанычыма чек жок. Куттуктайм, казакстандыктар, эми майрамдагыла", - деп жазган Шаримов.
Сыйлык тапшыруу аземинде Димаш аны белгилүү кылган "SOS d'un terrien en détresse" деген ырды аткарган.
"China Top music Awards" аземин кытай "Грэмми" сыйлыгы деп аташат. Аталган өлкөдөгү музыка коомчулугунда бул азем белгилүү окуялардын бири болуп саналат.
Димаш кытай "Грэммиси" менен сыйланды
"Singer-2017" сынагына катышкан Димаш Кудайбергенов элди таң калтырды

а кто спорит то?
Молодец Димаш, кыргызстанга келгенде сонун ырдап кеткенсин