super.kg logo

Фейсбук менен Мессенжер мындан кийин Windows жана Windows Phone`дун эски версияларында иштебейт

 

Фейсбук менен Мессенжер мындан кийин Windows жана Windows Phone`дун эски версияларында иштебейт. Мындай маалыматты бүгүн, 28-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, апрелдин башынан тарта Windows Phone 8 жана 8.1дин колдонуучулары Messenger`ди колдоно албай калышат. Мындай өзгөрүүлөр Facebook тиркемесине дагы тиешелүү. Ал Windows Phone`до, компьютерлердеги Windows 8 жана Windows 8.1 версияларында иштебей калат дешүүдө.

"Тилекке каршы, апрелден баштап, сиздер колдонуп жаткан фейсбук жана мессенжер тиркемелери иштебей калат. Фейсбук аркылуу кат алмашуу үчүн Фейсбук тиркемесин акыркы версиясына чейин жаңылашыңыз керек", - деп билдирген Фейсбук социалдык тармагынын өкүлдөрү.

Ошондой эле компания колдонуучуларга компьютерлерди, смартфондорду жаңылап же башка операциялык системди колдонууга өтүп, Фейсбукка кирүүнү сунуштаган.

Өткөн жылдын аягына карата алынган маалыматка караганда Windows-смартфондордун 16 пайызы гана Windows 10 Mobile`дын башкаруусу алдында иштеген. Ал эми 80 пайызы Windows Phone 8.1ге таандык. Мындан улам Microsoft компаниясынын өкүлдөрү жаңы версияны колдонгондордун санын көбөйтүү максатында бул кадамга барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: