super.kg logo

Кекиликтерге мыйзамсыз аңчылык кылган Тажик Республикасынын 6 жараны кармалып, 58 миң сом айып салынды

 

Кекиликтерге мыйзамсыз аңчылык кылган Тажик Республикасынын 6 жараны кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясы бүгүн, 28-мартта кабарлады.

"Кармалган жарандардан аңчылык кылууда колдонулган кекилик кармоочу торлор, куштарды кармоочу капастар жеринде тартылып алынды. Алар Тажик Республикасынын Исфара шаарынын тургундары Бехрузчон Шавкатзода, Толибжон Тошматов, Завар Тошматов, Иброхим Тошматов, Джавлонидин Нарзиев жана Хурмед Гафуров экендиги аныкталды", - деп жазылат инспекциянын маалыматында.

Ал эми Баткен жана Лейлек райондору боюнча региондор аралык башкармалыктын улук инспектору, эколог Дүйшөн Бердиев Тажик жарандары чек арачыларга кармалганын билдирди.

"Алар Баткен районунун Аксай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айыл аймагында кармалышкан. Исфара шаары менен Баткен районунун өз ара келишими бар, ага ылайык, жарандар эки өлкөгө кирип-чыгып турушат. Бирок алар өткөрүү пунктунан өтүшү керек болчу. Кыргыз Республикасына мыйзамсыз киришкени үчүн да чаралар көрүлүптүр", - деди Д.Бердиев.

Маалыматка ылайык, инспекторлор тарабынан жеринде протоколдор толтурулуп, жогорудагы жарандарга жалпысынан 58000 миң сом айып пул салынып, толугу менен мамлекеттин эсебине өндүрүлдү. Алынган далил буюмдар өрттөлүп жок кылынып, кармалган куштар кайрадан эркиндикке коё берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.03.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тузуксунор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: