super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекендин" үч депутаты Абдил Сегизбаев менен Алмаз Үсөновду сотко берди

 

"Ата Мекен" партиясынын үч депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновду сотко берди. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, доо арыз бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна тапшырылды.

"Шыкмаматов менен Салянова жоопкер тараптан моралдык чыгым үчүн компенсация сурашкан жок. Текебаев моралдык чыгымды 60 миллион сомго баалады. Ошондой эле алар соттон Сегизбаев менен Үсөновдун мүлктөрүн камакка алып, айтылган маалыматтарды төгүндөөнү соттон сурашты", - дейт Токтакунова.

Айта кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын аттары аталган. Ал эми "ата мекенчилер" бул документтердин жасалма экенин айтып, Белизден келген айрым документтерди жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: