super.kg logo

Мародёрчулукка шектелип Райкан Төлөгөнов камалды

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Райкан Төлөгөнов 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Төлөгөнов тергөө бүткүчө камакка алынды. "2010-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта кеңселерди, турак жайларды, анын ичинде Бакиевдин жана анын жакындарынын үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрдү талап-тоноо "Ата Мекен" партиясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз жетекчилиги алдындагы топ тарабынан жасалганы аныкталды. Тергөө тарабынан материалдар жана бул кылмышка катышкан бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган", - деп айтылат маалыматта.

"28-мартта Райкан Төлөгөновго "тоноону уюштуруу", "мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштуруу", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Төлөгөновду тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө абагына камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы каралды", - деп билдирет УКМК.

Айта кетсек, Башкы прокуратура "Каракчылык", "Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу", "Кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү", "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу" беренелеринин негизинде аталган кылмыш ишин 2012-жылы 22-августта козгогон. Тергөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн. 2017-жылдын 14-мартында бул кылмыш ишинин материалдары ИИМден УКМКга өткөрүлгөн.

Учурда УКМК күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(37)
28.03.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азыркы бийликтин бутунан өппөсөң балээге эле калгыдайсың.
Акаев менен Бакиевтин бийлигинде дагы мындай болгон эмес!

Кан коё бербейт дечүү беле? 7-апрельде кимиңер күнөөлү болсоңорда (Бакиевтер же азыркы бийлик) оңбогула. Ошончо адамды сыздаттыңар бирок марадёрлор ошол ревалютциянерлерден дагы чыккан бул ачуу чындык болбосо супер-аркеттерди Бакиевтер талабаса керек!
29.03.2017. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Jako18,революция
29.03.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tursunbaev78,бироонун катасын ондогончо озундун катанды изде тушунуп анан ондодунда сен эле туура жазасынбы?Кееде туура эмес жазылып калат
Azatbek83 түзөттү 2017-03-29 18:56:27
29.03.2017. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jako18, полит кухняда "Властьями управляет убийцы" деген соз бар! Канча адамдын тубуно жеткен Путиндин жолун тандап жатабы деймда биздин ажо?
29.03.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tailgate,Путин мынчалык карозгой таш боор эмес,жаш балдарды сабаткыдай.Ал чындыкты туу туткан адам.Эгерде Кыргызстанды Путиндей кучтуу адам башкарганда,азыркыдай башаламандык болмок эмес.Кыргызстан эчак бутуна туруп экономикасы онуккон кучтуу мамлекетке айланмак.
29.03.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Аялбы десе эркек экен
29.03.2017. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кайран элим кайда баратабыз
29.03.2017. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азаматсынар камай бергиле, баарын камагыла
29.03.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Таласта жаш кыздарды зордуктаган киши беле?
29.03.2017. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Muzik,ал Райкан Алканов
29.03.2017. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Muzik,Төлөгөн Касымбековдун баласы болуш керек бул киши.Темага келсем 7-апрель жакындап калды окшойт .болбосо беееш жылдан бери не кылып жүрдүңөр.Кыргызстан кайда баратат С.Исаков Кырг.өнүгүшү тууралуу эмнелерди айтып жатат ылдыйдагы темаларда.Куураган гана кыргызым ай келечегибиз эмне болоор экен.
29.03.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Маевскийи да калп болуп чыккан го
29.03.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Азаматтар бали дегенден башка сөз жок чукугула дагы көп нерсе чыгат ушунча жыл жеп келгендерин жата калып тура калып куссун канчалаган элдин акчаларын жешкен арам тамак аш болбойт деп бекеринен айтпайт
Bubu88 түзөттү 2017-03-29 00:52:47
29.03.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
2012- жылдан бери эшек такалап журдунорбу?? Текебаевдин киши болсо эле Же оппозиция болсо болду Камаш керек деген принцип менен саясат жургузуп калдынарго !
29.03.2017. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жедирип коюп оозун ачып отура берген Акаев мн Бакиев эбак кеткен Атамбаев молодец коррупцияны жоюп атат
29.03.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bubu88,озунон баштаса жакшы болмок
29.03.2017. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошондо кийинки бийлик азыркы бийликти камайт экен да, туура эмес суйлоп Кыргызстандын аброюна шек келтирген деп.
29.03.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
темирди кызуусунда бас
29.03.2017. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АШАга каршы чыккандын баарын каматып жатат ,Элди эч Ким ойлонгон жок ,балык башынан сасыган, Ким бийликти кандуу жол менен алган кунду, эс алуу куну дей бергиле..
29.03.2017. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Азамат Атамбаев бут каматсын. Колу менен кылганды мойуну менен тартыш керек. Акыры ушинтеп теске салчу киши керек эле. Болбосо ким каалаганындай ичип жеп конуп калышкан. Ар бир кылганына сурак берсе эсине келет бок курсактар. Мамлекеттен жегени аздык кылгансып марадерлукка да барса, акчага кул болуп калган булар.
29.03.2017. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасы байдын эч качан колдогон эмесмин, бирок, ушуну камап туура кылыптыр. Бакиевдердин офистеринин баарын тоногон ушул адам экенин кыргыз эже айтып ыйлаган эле, кайра Текебаев экоо ал эжени каматып коюшту.
29.03.2017. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
90-башында жазуучулар союзуна деп раматылык Ч Айтматов агабыз баш болуп Россиядан 50млн рубльди азыркы башчыбыз кошо алган экен.Кана ошол кайда жушалды кыйын болсоңор таап чыккылачы.Акаев айтып жатат Атамбаев завод фабрикаларды алып алган деп.Төлөсүн ошол акчаларды,камагыла кустургула баарын текши.
29.03.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurbekasr,доллар деп жатышты эле го
29.03.2017. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин акысын жебеген болсо акталаар,элдин акысын жегендерди камаган аз аларды атса да жарашат балким, антпесе кыргыз өнүкпөйт, жердешчилик өнугүп алгандай бизде, ак караны ылгабай эле мен баланча үчүн өлөм деп акча үчүн жолго жата калган аялдарды көргөндө зеениң кейийт, сот болушу керек акты ак деп, караны кара деп камаса эмнеге болбосун, бийлике бардыңбы тегерегиңди тазала болбосо балык башынан сасыйт дегендей жогорку жакты реформалоо керек, жеке мен суракка алууларга кошулам жооп берсин,
29.03.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zuxrab777,бул нерселердин баары онугууго багытталбай жаткандай туру бар. Онугууго карай бизде мыйзам жазылган ар бир жараандын адамдык укугу деген бар. Алар кайда калды? Анан ушул онугууго алып барабы?
29.03.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыркы бийликтин былыгын билгендердин баарын камап жатышат го менимче! Отунбаева дагы билсе керек аны дагы камагыла! Балбандаган Бабанов чээнге кире качтыго чиркин! Кынк дегенге жарабай калдынар эээ депутат байкелер! Кана Иса Омуркулов Карамушкина менен СДПКнын коз карашы туура келип жатабы кечеги Спбда доодурогону? БАЛАШКАНЫ ТАГДЫРЫН 6 секунда чечтинерго ал го эми эл душманы болбоду булчу Карамушкина СДПКнын тубуно жетпесе болду!
29.03.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
учактагы кырсыкка тийешеси бардыда камагыла ошондо элге жакшы болот олко онугот. Азыркы бийлик чукулуп жататда ошого кучтуулорду каматып жатат. Бирок эл бир жини келсе уруш башталат ошондода олтура берет бийлик. Кайра эле элибизге кыйын
29.03.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаев бир жерин ката кылып жатат,озунун партиясынан тазалоону башташы керек болчу,озунун партиясында дагым 70% депутаттардын былык иштери бар,ошолорду кошуп тазаласа эл дагым нааразы болбойт болчу.
29.03.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кийинки кезек кимде экен эми жайлап атат камааап камап кустурууп кустуруп туруп кетет го чиркин Атамбаев ийгилик каалайм сизге чукунуз дагы тереңирээк көп нерселер чыгат жегичтерден Мырзакматовду дагы чукуттурун көпүрө салам деп кымырып алгандарын берсин
29.03.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bubu88,аябай акылдуу экенсин ушул Мырзакматовду эч ким чукубай жатат да ХХХ.Кыргызстанда сенден акылдуу,кыйын эч ким жок экен.Эми Мырзакматовго озун чара корбосон болбой калды.Болбосо бул ХХХ бийликтегилер жакшы чукуй албай жатышат.Чий курсактар Жапаровду да кармап келишпей озу келгенден кийин баатыр болуп толгон омондору менен кармап камашты.Эми Садыр Батукаевге окшоп бийликке миндеген доллар берсе гана чыгат.Эми озун бир айласын кылып Мырзакматовду таап келип кама башка арга жок.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-03-29 14:49:00
29.03.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Jarookerjan, сени эле чукубайынбы
29.03.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bubu88,Кудайдан коркуп ак жургон адамдарды чукуганы жаралган болсон чукуй бер.Бир гана Аллахдан корком.Бирок айтаарым мени чукугандан эч нерсе таппайсын.Анчалык чукугуч болсон жогору жактан башта.Чукуш керек болгон адамдар бугун болбосо башка куну чукулаарын ойлобой журушот элди сулуктой соруп былтыйышып,чон суйлоп тим эле кыйраткансышып.
Jarookerjan түзөттү 2017-03-29 16:32:59
29.03.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jarookerjan, этика нормаларын сактаңыз!
29.03.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурда эле камаш керек болчу,текени дагы жоготуш керек 25 жыл кыйратпаган эми кыйратмак беле, оозу эле суйлойт.
29.03.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Менин таң калганым ушу качантан бери чондун балдарына боор ооруп күйүп калдынар экен ошого эле таң калып отурам жаш балдар бечара балдар деп эле калыпсынар качантан бери же ошентип айтканынар үчүн да төлөп берип атышабы
29.03.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bubu88,ал нерсени сезиш үчүн адамда боор ооруу же жүрөк болуш керек,чоңдун баласы болсо да кичине адамдын баласы болсо да камадыбы мыйзам мн иш кылыш керек.Азыр интернет бар бардык нерсе элге жетет мындай мүмкүнчүлүк болбосо кудай сактасын ошол кармалгандардын көзүн тазалап да коюш колдорунан келет.Кырг.азыркы абалы охххх.... Кудайым өзү туура жолду көрсөтсө экен бийликтегилерге.
29.03.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ыйлап эле отурчу элеңер го чондун балдары тигинтип жүрөт чондун балдары мынтип жүрөт биздин акчалар мн сайрандап жүрөт ичип койду жеп койду деп чондун балдары кылмыш кылып карапайым элдин балдарына күнөөнү үйүп коёт деп эми бечара деп алганынрды кантейин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: