super.kg logo

Жердин үстүндө учуп туруучу астероидге курулган имараттын долбоору иштелип чыкты

 

Нью-йорктук архитектуралык фирма фундаменти Жердин орбитасында туруучу астероидде орун алган көп кабаттуу имараттын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.

Архитекторлорго эргүүнү NASA жана Европалык космостук агенттигинин амбициялары берген. Analemma Tower деп аталган мунаранын фантастикалуу дизайнын Clouds Architecture Office компаниясы жасаган. Бул компания учурда Марста салына турчу турак үйлөрдүн долбоорлору менен алектенүүдө.

Конструкция жерден 50 миң чакырым бийиктикте жайгаштырылчу астероидге бышык зым, аркандар менен байланат.

"Бул курулуш абада калкып тургандыктан, аны каалаган жерде куруп, башка жакка да көчүрүп кетүү мүмкүн", - дешкен архитекторлор. Analemma Tower Дубайдын үстүнө коюлары болжолдонууда.

"Жерге кулап кетпей, орбитада калчу керектүү астероидди гана табуу калды. Мунаранын салмагы конструкциянын балансын сактайт", - деп жазган басылма.

"Европалык космостук агенттиги 2015-жылы астероидден кен табуу боюнча долбоорго инвестор табуунун жаңы этабын жарыялаган. Ал эми 2021-жылы NASA уюму астероидди "кармап" анын багытын өзгөртүү боюнча миссиясын ишке ашырууга астероид издеп баштайт", - деп билдирген фирма.

Мунара Жер үстүндө калкып, Нью-Йорк, Гавана, Атланта жана Панама-Сити шаарларынын үстүнөн учуп турат. Күн жарыгы мунаранын жогорку кабаттарында 40 мүнөткө көбүрөөк кармалат.

"Аnalemma Tower Түндүк жана Түштүк жарым шарлары менен саякаттап, кээ бир жерлерден мунаранын тургундары Жерге түшүшү үчүн ылдамдыгын төмөндөтөт", - дешкен архитекторлор.

Cloud Architecture Office бир гана имарат эмес, уча турган шаардын долбоорун иштеп жатат. Мунара ар кандай функциялары бар секциялардан турат. Бизнес төмөнкү кабаттарда жүргүзүлсө, уктоочу бөлмөлөр борбордук жагында жайгашат. Тургундары жашылдандырылган аймакка да чыга алышат, ал эми эң эле төмөнкү кабаттарда соода жайлар орун алат. Электр энергиясын Analemma Tower күн батареяларынан, таза сууну булуттардан жана жаандан алмакчы.

Мунара жылып тургандыктан, терезедеги көрүнүш өзгөрүп турат. Архитекторлор формасын өзгөртүп туруучу терезелерди да ойлонуп жатышат, бирок өзгөчө көңүлдү мунаранын ичиндеги аба басымдуулугуна жана температурасына буруу зарыл. Бийиктик адамдардын ден соолугуна терс таасирин берет. Мисалы, 32 миң метр бийиктикте -40 градус болот. Адамдар мындай суукта атайын кийим менен гана сыртка чыга алышат. Андыктан бул долбоор дагы бир нече жолу каралышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.03.2017. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Астероидти алып келем деп жерге кулатып иргиле анан.
29.03.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гарантия 100% кура алышпайт,астероидди оюнчук ойлоп жатышат.
29.03.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Духтары жетпейт!!! Булар оюнчук деп ойлоп атышат окшойт
29.03.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
илгери пульт менен иштеген телевизор жана мобилдуу телефондор биз учун ой жетбес жомок болгон
акыр барып фонтастика кинодогу учуп журчу уйлор имаараттар курулат балким азыр эместир бирок аз калды
OMURBEK. түзөттү 2017-03-29 13:50:32
29.03.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болушу мумкун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: