Вагондо жашаган эне SUPER.KG порталына чыккандан кийин ага кайрымдуу жарандар үй салышууда





3 баласы менен вагондо жашаган Айжамал Мамырова SUPER.KG порталына чыккандан кийин ага кайрымдуу жарандар үй салышууда.
Супер ТВ бөлүмүнүн сюжеттеринин биринде 30 жаштагы Айжамал Мамырованын 3 баласы менен вагондо жашап, оор шартта күн кечирип жатканы, балдарынын абалы тууралуу көрсөтүлгөн. Көп узабай кайрымдуу жарандардан ага бекер үй салып берүү мүмкүнчүлүгү жаралып, там тургузулууда. Мындай жагымдуу кабарды SUPER.KG порталына активист Азамат Байматов билдирди.
"Учурда Айжамал Мамырованын үй-бүлөсүнө Жайыл районуна караштуу Степное айылында 5 бөлмөлүү үй салынууда. Пайдубалын кеч күздө куюп, тамды эрте жазда кура баштаганбыз. Дубалын тургузуп баштаганыбызга 10 күн болду. Кудай буюрса, 2-3 айдын аралыгында толук бүтүп, ачкычын ээсине тапшырабыз. Коомдо кайдыгер карабаган инсандарыбыз көп экен. Үй мына ошол адамдардын которгон каражатына курулууда", - дейт Азамат Байматов.
Эскерте кетсек, бир нече ай мурун Айжамал Мамырова батирге чыгуу үчүн төлөгөнгө акчасы жок болгондуктан, 3 баласы менен вагондо жашоого аргасыз болгон.















1 |