КҮНСЕРЕП: Билим берүү тармагы 10 жылга артка кадам таштады
Бүгүн, 29-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
2010-жылдагы мародёрчулук темасы кайра жанданды. Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, тергөө бүткүчө камакка алынды. УКМК 7 жыл мурун Бишкекте мародёрчулук болуп, ал иштер Төлөгөновдун түз жетекчилиги алдындагы топ тарабынан жасалганы аныкталды деп маалымат таратты.Төлөгөновго 2012-жылы Башкы прокуратура тарабынан "каракчылык", "кымбат баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүү" жана башка беренелер боюнча кылмыш иши ачылып, тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзгөн. Аталган окуя боюнча Райкан Төлөгөновдун жана экс-депутат Туратбек Мадылбековдун уулдары соттолушкан. Ал эми Райкан Төлөгөнов, Болот Шер, Туратбек Мадылбеков жана Өмүрбек Текебаевдин талап-тоноочулукка катыштыгы бар экени далилденбеди деп калган. 2017-жылдын 14-мартында кылмыш ишинин материалдары ИИМден УКМКга өткөрүлүп берилгени белгилүү болду.
Мародёрчулук окуясын 2010-жылдан кийин мурдагы ички иштер министри, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы Зарылбек Рысалиев жетектеген топ иликтеп, бирок аягына чыккан эмес. Муну ал кызматтан түшүп калышы менен түшүндүрүп, дагы аз убакыт кызматта турганда иликтөөнү толук бүтүрмөк экенин айтканы бар. Иликтөө маалында Текебаев тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болгонун да айтып чыкканы маалым. "Ата Мекендин" депутаттары Рысалиев канчалык аракет кылганы менен, "ата мекенчи" айрым депутаттардын мародёрчулукка катышы бар экенин далилдей алган жок деген пикирде. Ал эми 2013-жылы мародёрчулук фактысын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөлөрү талап-тоноо болгон 10 жерде Райкан Төлөгөнов болгон деп жыйынтык чыгарышкан. Бирок Төлөгөнов бул жыйынтык менен макул эмес.
Райкан Төлөгөновдун кармалышы боюнча Бишкекте депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, Наталья Никитенко жана Райкан Төлөгөновдун уулу Иса Төлөгөнов маалымат жыйын өткөрүштү. Төлөгөновдун уулу жакында атасына УКМКдан телефон чалып шантаж кылышканын айтууда. "Атама Текебаевге каршы арыз жазууну сунуштап, арыз жазса мародёрчулукка айыпталып камакта отурган агамдын иши токтотуларын айтышты. Бирок атам сунуштан баш тартты", - дейт Иса Төлөгөнов. Райкан Төлөгөновдун улуу баласы Муса Төлөгөнов убагында мародёрчулук боюнча айыпталып 12 жылга кесилген. Өкүмдө көрсөтүлгөн жазанын жарым мөөнөтүн өтөп бүткөн. Эми жаза мөөнөтү бүтө электе шарттуу түрдө боштондукка чыкса болот. Бирок УКМК Текебаевге каршы көрсөтмө бербесе, аны чыгарбай турганын айтып шантаж кылууда деген пикирде Иса Төлөгөнов. УКМК тарабынан бул маалымат жыйынына карата жооп кечиктирилбей берилди. Мекеме бүгүнкү маалымат жыйынды "жоопкерчиликтен качуу үчүн окуяны саясатташтыруу" деп баалады.
Текебаев былтыр түз эфирден президентке кайрылып: "Бир жылыӊ бар, мародёрлорду тап! Таппасаӊ, мөөнөтүӊ бүткөндөн кийин өзүм сүйлөшөм!" - деген эле. УКМК учурдагы президенттин мөөнөтү бүткүчө морадёрлорду табууга катуу киришти сыяктанат. Атүгүл Маевский аттуу адамдын Текебаевге каршы жазган арызы да убактылуу экинчи планга жыла түштү. Же УКМК "Ата Мекендин" лидерине улам жаңы иштерди ачууну максат кылып жатабы?..
Бишкекте 28-мартта футбол боюнча Азия кубогу оюндарынын тандоо турунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Макао курама командаларынын беттеши өттү. Адаттагыдай Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго толо күйөрман келип улуттук курамдын оюнчуларын сүрөп турушту. Экинчи тайм ортолоп калганда гана эсеп ачылып, Кыргыз тарапка жеӊиш алып келген жалгыз голду Азамат Байматов киргизди.
Оюнчулардын аракетине, күйөрмандардын футбол көрүү маданиятына, коопсуздукту көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлерине бул ирет сөз жок. Беттешти уюштурууга жооптуу топ мурунку оюндардагы кемчиликтердин үстүнөн иштегени даана көрүнүп турду. Сөз - Бишкектин көзгө басар жалгыз стадионунун абалы жөнүндө. Оюн бүткүчө майдандын бети тытылып, ылайга айланды. Сырттан караганда өтө жагымсыз көрүнүш, конокторду деле кубандырып жибербейт. 2015-жылы Бишкекте Австралия менен Кыргыз футболчуларынын беттешинде билети бар жүздөгөн күйөрмандар стадионго кире албай башаламандык чыккан. Көп өтпөй өкмөт "ири иш-чара өткөрүүгө даяр эместигин көрсөттү" деп Дене тарбия жана спорт агенттигинин ошол кездеги башчысына сөгүш жарыялаган эле. Ушул эле жылы стадиондо Кыргыз - Иордания беттеши орун алган. Мындан кийин стадиондун топурагын алмаштыруу, жаӊыдан чөп себүү иштери жасалган. Ага карабай бул жолку беттеш дагы топ кубалоого ыӊгайсыз аянтта өттү. Оӊдой берди болуп стадиондун кейиштүү абалын Кыргыз футболчуларынын жеӊиши жууп кетти. 21-мартта "Аккула" ат майданындагы көк бөрү мелдешинде күйөрмандар ыӊгайлуу орун жоктугунан темир каркаска, дарактарга чыгып кетишкен. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн аталган ат майдандын абалын көрүп, оӊдоо зарылдыгын айтты. Оӊдолобу-жокпу, жыйынтык кийинки оюндарда көрүнөт...
Мектеп окуучуларына китептер бекер эмес, кайрадан ижарага бериле баштайт. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, окуучулар эми пайдаланган китеби үчүн акча төлөшөт. Долбоор Жайыл районундагы №40-мектептен старт алды, бара-бара республикадагы бардык мектептерге жайылтылат.
Бул систем Кыргызга жат эмес. Китептерди ижарага берип акча чогултуу системи өлкөдө 1996-жылдан 2006-жылга чейин иштеген. 11 жылдан бери окуучулар китептерди акысыз пайдаланат. Министрлик бул кадамга мектеп окуучуларын жаӊы китептер менен камсыздоо, китептердин санын көбөйтүү маселесин чечүү үчүн барып жатканын билдирди. Муну алдыга эмес, артка кетүү деп баалагандар бар. 11 жыл мурун басып өткөн жолго кайра түшүүдөн башка жол табылбаганы өкүнүчтүү. Бул элдин эсебинен кимдир бирөөлөрдү байытуунун амалы эмеспи деген да суроо жаралат. Жакында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн акчанын суммасы жыл сайын көбөйүп жатканына карабай, мектептерде китеп жетишсиз бойдон калып жатканын сындаган эле. Премьердин сөзүнө таянсак, 2012-жылы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого 36,5 миллион сом бөлүнсө, 2016-жылы бюджеттен 130 миллион сом бөлүнгөн. Бирок мектептер китеп менен 79 пайызга гана камсыздалган. Заманга жараша айрым мамлекеттерде электрондук китептер пайдаланылууда. Бизде абал башкачараак. Той-мааракелерге, депутаттарга жаӊы кресло, килем, алтын жалатылган төш белги сатып алууга табылган миллиондор жаңы муундун билими үчүн табылбайт...
кошулду

