Мектептерде окуу китептерин ижарага берүү кайрадан жанданат
Мектептерде окуучулар китептерди кайрадан ижарага алышат. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Берилген маалыматка ылайык, пилоттук долбоорду ишке ашыруу аракеттери Жайыл районундагы №40-мектептен башталды. Ижарага китептер алгач башталгыч класстарга берилет. Эгер долбоор ийгиликтүү өтсө, өлкөдөгү бардык мектептерге жайылтылат.
Колдонуудан чыгып калган китептердин ордун жаңылоо максатында китептерди ижарага берип акча чогултуу системасы өлкөдө 1996-жылдан башталган. Бул система 10 жыл жүргүзүлдү. 2006-жылы мындай система токтотулуп, окуучулар китептерди акысыз пайдаланып окуп калышкан.
"Бул жылдар аралыгында ижарадан топтолгон акча менен мектептердеги окуучуларды жаңы адабияттар менен камсыздоо, китептердин түрүн жана санын көбөйтүү, окуучуларга жеткирүү көйгөйлөрү чечилчү. Азыр сунушталып жаткан система да ошол багыттарды ишке ашырууну көздөйт. Бирок бул жолу жеңилдиктер берилген окуучулардын саны көп. Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ижара төлөмдөрүн төлөшпөйт. Аларга ар бир мектептин китепканаларынан китептер колдонууга акысыз берилет. Окуу китептерин ижарага берүү системасын кайрадан жандантуу үчүн эл өкүлдөрү өткөн жылдын сентябрь айында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
Учурда бир окуу китебинин бир жылдык ижара акысын 20 сом кылуу сунушталууда.
"Ооба, мындан 10-15 жыл мурун ар бир окуучу жыл ичинде пайдалануучу китептерди ижарага алышчу. Көп балалуу үй-бүлөлөр аны төлөгөндөн кыйналышчу. Кийин андай система жоюлуп кетти", - деди Өзгөн районундагы Жоробек Абдурасулов атындагы орто мектептин мугалими Гүлжан Дүйшеева.


Эми ремонттун акчасын да кайра киргизип койгула
Же мугалимдер кыстайт болушунча,айылдарга келген концерттердин билетин кыстап эле саткандай кылып.