super.kg logo

Эл аралык уюм: Кыргыз өлкөсү шайлоо алдында ММКнын сөз эркиндигин колдоого алышы керек

 

Кыргыз өлкөсү ММКнын сөз эркиндигин колдошу керек, өзгөчө шайлоо алдында. Бирок өлкөдө медиатопторго басым күчөп жатат. Мындай билдирүүнү 28-мартта Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму таратты.

Жогоруда аталган уюмдун билдирүүсүндө Кыргыз мамлекетинин Башкы прокуратурасы бийликти сындаган ММКларды сотко бергени айтылат. "Аларды президенттин кадыр-баркына шек келтирди жана жалган маалымат таратты деп күнөөлөп жатышат. Бул аракеттер сөз эркиндигинин стандарттарын бузуп жатат. Бийлик соттук доодон баш тартышы керек. Кыргыз Республикасынын бийлиги көз карандысыз ММКлардын ролун, “ойду эркин билдирүү” дегендин маанисин түшүнүп, соттук-жараяндан баш тартуусу зарыл”, - деп аталган уюмдун Европадагы жана Борбор Азиядагы директору Хью Уильямсон билдирди.

“Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесинде президенттин кадыр-баркына шек келтирилген маалымат таратылса, мамлекет башчынын атынан Башкы прокуратура сотко кайрылууга милдеттендирилген. Кыргыз мамлекети мүчө болгон эл аралык келишимдердин жарандык жана саясий укуктары жөнүндөгү 19-беренесинде коомдук ишмерлерди анын ичинде президентти сындоодогу жаза мыйзамдары сөз эркиндигинин стандарттарына шайкеш келбейт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.03.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Human Rights Watch туура белгилеп кеткен. Эгер ушундай кысым корсотуло берсе Номер -3 качкын пайда болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: