super.kg logo

Өзгөн районунда жер көчкү алдында калган үй-бүлөнүн эки баласынын сөөгү табылды

 

Өзгөн районунда жер көчкү алдында калган үй-бүлөнүн эки баласынын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда жер көчкү басып калган жарандарды издөө иштери куткаруучулар тарабынан саат 13:30да башталып, саат 14:00дө 1 эркек баланын сөөгү чыгарылган. Ал эми экинчи баланын денесин казып чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Маркумдардын өздүгү тактала элек.

Айта кетсек, 26-март күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү жүрүп, 4 турак үйдү басып калган. Ал үйлөрдүн биринде 1989-жылы туулган Өмүрзак Эгемкулов аялы жана 4 баласы менен бирге жашачу. Калган турак үйлөрдө эч ким жашачу эмес.

Издөө иштери жүрүп жатканда 3 жолу жер көчкөндүгүнө байланыштуу, маркумдардын туугандары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, издөө иштери жер көчүп бүткөн соң уланмай болгон.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.03.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткан боодо кырсыктан озун сакта....
29.03.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
13:30 издоо иштери башталып 14:00до табылды деп турат сааттары тескери болбой эле
30.03.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aadanova14, сен ондолгондон кийин окупсун. башында ошондой жазылып турган болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: