super.kg logo

Фейсбукта бир күндөн кийин өзү өчүп кала турган тамашалуу сүрөт жана видео жайгаштыруу функциясы пайда болду

 

Фейсбукта 24 сааттын ичинде өзү өчүп кала турган тамашалуу сүрөттөрдү жана видеолорду жайгаштыруу функциясы пайда болду. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий сайтында жазылды.

Маалыматка караганда компания өзүнүн расмий мобилдик тиркемесине Facebook Stories деп аталган жаңы функцияны киргизген. Ал аркылуу киргизилген сүрөт же видео 24 сааттан кийин өзү өчүп калат. Сүрөт же видеону кошуу үчүн фейсбуктун мобилдик тиркемесинин башкы бетинин өйдө жагында "Сиздин окуяңыз" деген баскычын басууңуз керек. Камера ачылганда түрдүү маскаларды жана башка креативдүү эффекттердин бирин тандап, жарыя кылсаңыз болот. Муну менен бирге сиз башка досторуңуздукун дагы көрө аласыз.

Ошондой эле аталган социалдык тармак Direct сервисин дагы киргизген. Анын жардамы менен сүрөттөрүңүздү өзүңүз каалаган гана адамдарга жиберип бөлүшсөңүз болот. Жиберилген сүрөт же видеону досторуңуз көрүп, ал тууралуу талкуу бүткөн соң, контент көрүнбөй калат.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында Инстаграм социалдык тармагында ушундай функция пайда болгон. 5 айдан кийин Instagram Stories`ти колдонгондордун саны 150 миллион адамга жеткен.






Фейсбукта жаңы функция пайда болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.03.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле ушинтип баштаган го. Whatsapp деле ушундай кылды.
29.03.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
finalyear2014,Facebook, Instagram, WhatsApp баары бир адамдыкы Марк Цукербург деген адамга таандык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: