Бишкекте дарыканалардын бирин карактаган жаран кармалды




Бишкекте дарыканалардын бирин карактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда 10-март күнү милиция кызматкерлерине Э.Ж. аттуу шаар тургуну кайрылып, белгисиз адамдар Москва көчөсүндөгү дарыкананын фармацевтин ок атуучу курал менен коркутуп, 64 миң сом акчаны алып кетишкенин айткан. Ушундай эле окуя 26-март күнү шаардагы дарыканалардын биринде да болгон. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Т.Т. кармалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Эми бошонуп чыгып ал аман-эсен.
Бизде аксакалдар соту иштейби? Анча мынча ошолор ортого түшүп,элдештирип ишти жаап койсо жакшы эле.
Болбосо болбогон нерсе үчүн камалып өмүр бою "зек"деген ат бетине көө болуп жабылат.
Жараткан ар бир үй-бүлөөгө бейпил жашоо берсин!!!!