Өзгөн районунда жер көчкү басып калган үй-бүлөгө өлкө башчынын атынан 100 миң сом жардам берилди













Өзгөн районунун Заргер айыл аймагынын Ничке-Сай айылында жер көчкү басып калган үй-бүлөгө өлкө башчынын атынан 100 миң сом жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен Өмүрзак Эгемкуловдун жакындарына президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 100 миң, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун атынан 70 миң, ал эми өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан 50 миң сом акчалай көмөк көрсөтүлдү.
"Жабыркаган үй-бүлөгө бөлүнгөн каражатты Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов тапшырды. Алгач каза болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө багышталып куран окулду. Андан соң облус башчысы жана Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов айыл эли менен пикир алышты", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, 26-мартта аталган айылда көлөмү 500 миң метр куб, узундугу 800, туурасы 120, бийиктиги 8 метрге жеткен жер көчкү жүрүп, 4 үйдү басып калган.









1 |