super.kg logo

Дүйнөнүн адабий картасында Кыргыз өлкөсү менен Казакстан Чыӊгыз Айтматовдун чыгармалары менен көрсөтүлгөн

 

Британиялык "The Independent" басылмасы дүйнөнүн адабий картасын жарыялаган. Анда Кыргыз өлкөсү дүйнөлүк адабияттын классигине айланган Чыӊгыз Айтматовдун "Жамиля" повести менен берилген. Кызыгы, Айматовдун "Кылым карытар бир күн" ("The Day Lasts More Than a Hundred Years") романы Казакстандын атынан көрсөтүлгөн.

Басылманын билдиргенине караганда таасирдүү, күчтүү китептер окурманга эч качан көрбөгөн, билбеген башка маданиятты таануусуна түрткү болот. Ар бир өлкөнүн адабий картасында ошол өлкөдөгү эӊ белгилүү же маанилүү чыгарма көрсөтүлгөнү айтылат.

Улуу Британия Жейн Остиндин "Текебердик жана шек саноо", Франция Виктор Гюгонун "Куугунтук жегендер", Орусия болсо Лев Толстойдун "Согуш жана тынчтык" чыгармасы менен көрсөтүлгөн. Картада жалпы дүйнөдөгү 197 өлкө чагылдырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
30.03.2017. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Британиялык "The Independent" басылмасына ;Кылым карытар бир кун; чыгармасы биздики деп айткан эч ким жокпу??? Жогорку жактагылардан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: