super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: "Реал Мадрид" клубунун капитаны Серхио Рамос 31 жашка толду

 
Футболчу кичинекей кезинде
Сүйүктүүсү жана уулу менен

"Реал Мадрид" клубунун жана Испаниянын курама командасынын капитаны, коргоочу, Дүйнөнүн бир жолку (2010), Европанын эки жолку (2008, 2012) чемпиону Серхио Рамос 31 жашка толду. Ал 1986-жылы 30-мартта Испаниянын Камас шаарынын Севилья провинциясында төрөлгөн. Атасы жаш кезинде туулган жериндеги футболдук командада ойноп, бирок тизесинен жаракат алганына байланыштуу оюндан баш тартууга туура келген. Алардын үйү футболдук аянтчанын жанында болгондуктан, Серхио Рамостун балалыгы футбол ойноо менен өткөн. Мектепте окуп жүргөндө "Севилья" футболдук клубуна кирип, өзүнүн мыкты чеберчилигин көрсөтө алган. Ал эми 2005-жылы Рамос "Реал Мадрид" клубуна 27 миллион еврого сатылган. Акыркы жолу 2015-жылы аталган клуб менен футболчунун келишими 2020-жылга чейин узартылган. Ушул убакка чейин Рамос 500дөн ашык футболдук беттеште ойноп, 60тан көп гол киргизген. Белгилей кетсек, 2016-жылдагы анын бир жылдык маянасы 10 миллион еврону түзгөн.

Жеке жашоосу

2012-жылдан бери футболчу өзүнөн 8 жашка улуу журналист Пилар Рубио менен сүйүү мамилесинде. Сүйүшкөндөрдүн удаа төрөлгөн эки уулу бар.

30-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.03.2017. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
500дөн ашык оюнга чыгып 80ден көп гол киргизген десеңер жакындайт экен.)

300,30 деп 3-4 жыл артга кетип калыпсыңар.
31.03.2017. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
560 оюнда 82 гол киргизген тагырак жазып койсоңор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: