Өзгөн шаарындагы мыйзамсыз сатылган жер тилкеси боюнча кылмыш иши козголду
Өзгөн шаарындагы мыйзамсыз сатылган жер тилкеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда 2010-жылдын 10-августунда Өзгөн шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери Жер кодексинин талаптарын бузуу менен Жаңы Өзгөн кичи районундагы 188 чарчы метр жер тилкесин Р.Зулпукарова аттуу жаранга 40 миң сомго сатышкан. Бирок жогорудагы сумма Өзгөн шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча департаментинин кассасына төгүлгөн эмес. Р.Зулпукарова болсо жогорудагы жер тилкесин башка адамга 200 миң сомго сатып жиберген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан "жер мыйзамдарын бузуу" жана "кызматтык жасалмачылык" боюнча кылмыш иши козголуп, топтолгон материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Бирок базары бардак, иретүүлүк жок, тазалык жөнүндө сөз козгобой эле койойун.
Taxi кызматтары жолдун жээгин басып алышкан.
Өзгөн щаарынын мэриясын эмдеп коюшса болмок, антпесе ойгонбойт. Азыр эмес качаан саясий интригалар бүткөндө. Жогорку Кеңеш элдин маселелери боюнча комиссия түзпөй эле бири-бирин чукуу боюнча комиссия түзүп балээ кылдыгоо.