super.kg logo
  Спорт  

Аргентиналык футболчу Лионель Месси 4 оюндан четтетилгендиктен, командасы Дүйнө чемпиондугуна чыкпай калышы ыктымал

 

2018-жылы Орусияда өтө турчу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунда аргентиналык футболчулар чилиликтер менен беттешишкен. Оюндун жүрүшүндө Аргентинанын курамасында, "Барселона" клубунда ойногон Лионель Месси Марсело Ван Гассе аттуу калыстын апасына карата мазактоо сөздөрүн айткан. Эл аралык футбол федерациясы 28-мартта футболчуну 4 оюнга чыгарбоо чечимин кабыл алган.

Аргентинанын курамасы чемпиондукка катышуу үчүн дагы 4 оюн өткөрүп, жок дегенде экөөнү жеңиши керек. Бирок Месси ал оюндарга катыша албайт. Анын командасы Боливия менен ойноп, 0:2 эсебинде утулуп калганы, Мессисиз чемпиондуктун тандоо турунан чыгууга мүмкүнчүлүгү төмөн экенинен кабар берди.

Аргентина курамасы эми Уругвай, Венесуэла, Перу жана Эквадор менен беттешет. Орусияга алдыда турган 4 команда келүүгө укуктуу, ал эми 5-орундагы команда Океаниянын командасы менен ойноп, чемпиондукка катышууга мүмкүнчүлүк алат. Учурда алдынкы төрттүктө Бразилия (33 упай), Колумбия (24 упай), Уругвай (23 упай), Чили (23 упай), Аргентина 22 упай менен 5-орунда турат. Эквадор Аргентинадан 2 упайга артта.

2018-жылы өтө турчу чемпиондук Анхел ди Мария, Серхио Агуэро, Гонсало Игуаин жана Лионель Мессиге акыркы болушу мүмкүн. Себеби 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун маалында алар 34-35 жаштарда болуп калышат.

Месси 4 оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылып эле калбастан, ага 10 миң франк (700 миңдей сом) айып салынган.

"Менин сөздөрүм калыстын дарегине айтылган эмес, мен жөн эле абага чыгара айтып койгом", - деген Месси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(24)
30.03.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
тил жаман да тил,
30.03.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Абага чыгара үйүңдө айтасын дептирда ФИФА.)
30.03.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
не Мессисиз ута алышпай бекен кыйын болсо бир жон.
Ди Мария Игуаин, Агуэро деген футбол жылдыздары бар Аргентинада
30.03.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
anuvar0903,ута алышпады го.Марадонанын ролу чон окшойт бул берде.Коро албай атат.Эгерде Месси ЧМ утса Марадона Аргентинада экинчи орунга жылып калышы турган иш.Ошон учун.
30.03.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mbmur,кайдан билесин. балким месси чыккандаа деле утулмак
30.03.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
anuvar0903, акам кыйында ошон учун месси
Модератор admin_portal түзөттү 2017-03-30 12:36:29
30.03.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
anuvar0903,диман менен .уйгаиндин колунун п.к келбейт.
30.03.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тыртандап кетти акыркы убакта Месси адамдарды тоготпой
30.03.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ronaldo.99,Жагып атабы силерге?
30.03.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элестетип атам Мессини асманга карап эки колун которуп туруп абага чыгаргандай Апа.......кейиндин баласы деп коюптурда
30.03.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей балдар алдагандай алдап коюптур.Абага айттым деп)
30.03.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мессинин авторитети тушо баштады.
30.03.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ronaldo.99,оа бирок
30.03.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jaldyrap ke4irim surap kat jonotuptur go FIFAga
30.03.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буттан жыгылган турат тилден жыгылган турбайт
30.03.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой ой ой мынаны жанылык деп айтабыз 4оюн емес 4айга футболдон четтетип койгон емес екен да жаман сонун болмок
30.03.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Реалдын фанаттары жыргап аткан турбайсынарбы 4 айга ажыратсын деп.
30.03.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне эле асманга карап суйлоно берет десе корсо абаны карап согот экенда бул жакшы судья байкап калыптыр
30.03.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мессини не коро албайсынар билбейм,же силердин алдынардагы тамагынарды жеп койгон беле?.Жон эле оюнун коруп кайф кармап журо бергиле да!!!
31.03.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Edward.14,
Мессинин ж.т.м жугуруктору келди! ))))

Ушул суроону озундон башта тууганым,сен Мессиден болок Футболчуларды Кандай корсон элдер Мессини да ошондой корот!
Kurstan_CR7 түзөттү 2017-03-31 15:07:14
30.03.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20-Апрель соттун чечими чыгат Мессиге
30.03.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакында бир аерапортко Криштиану Роналдунун аты берилет экен
31.03.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BakytAliev, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
31.03.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роналдонун күйөрмандары жыргаптырго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: