КҮНСЕРЕП: Чубак Жалилов муфтий болбосо ажолукка аттанабы?
Бүгүн, 30-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
4-апрелде муфтий шайланат. Аталган кызматка талапкерлигин 3 адам көрсөтүүдө, учурдагы муфтий Максат Токтомушев, экс-муфтий Чубак Жалилов, Ош жана Баткен облустарынын казысы болуп иштеген Ниязалы Арипов. Башкы күрөш Максат Токтомушев менен Чубак Жалиловдун ортосунда жүрөрү күтүлүүдө. Үчүнчү талапкер Ниязалы Арипов буга чейин чуулгандуу иштер менен элдин көзүнө түшө элек, Чубак Жалиловдой көп сандуу күйөрман дагы арттыра элек адам. Бул шайлоодо буга чейинкиге салыштырганда бир нече талапкер бар. Эске салсак, 2014-жылы 4-мартта Максатбек Токтомушев жалгыз талапкер болуп, добуш берген 195 делегаттын 194үнүн колдоосу менен муфтийликке шайланган. Токтомушев 3 жыл муфтий болуп иштеп, өзгөчө активдүүлүгү менен эсте калбады, ошол эле учурда анын тушунда муфтиятта коррупциялык жаңжалдар же ызы-чуулар орун алган жок. Өткөн айда өздөрүн укук коргоочулар деп тааныштырган адамдар "Токтомушевдин жогорку диний билими жок" деп күнөөлөп, кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Бирок алардын талабы ишке ашпай сөз бойдон калды. Токтомушевдин негизги атаандашы Чубак Жалилов 2010-2012-жылдары муфтий болуп, ажылык зыяратты уюштуруудагы акча чыры боюнча айыпталып кызматтан кеткен, бирок кийин сот аркылуу акталган. Былтыр Жалилов жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартууга каршы депутаттарды жектеп, коомдо чоң чуу жаратып, "кийинки шайлоодо буларды шайлабагыла" деген үгүткө чейин жетип, коомчулук аны колдоочулар жана светтик башкарууну колдоочулар болуп эки лагерге бөлүнүп барып токтогон. Бул окуянын териштирүүсү президентке чейин жетип, Алмазбек Атамбаев парламенттеги демилгечи топ менен дин өкүлдөрүн бир столго чакырып мамлекетти башкарууга динди аралаштырбоо зарылчылыгын эске салган. Окуянын аягы УКМКнын Чубак Жалиловго эскертүү берүүсү менен жыйынтыкталган. Андан бери Жалилов мечиттерде насаат айтуу менен диний ишмердүүлүгүн улантып келе жатат.
Кийинки муфтий ким болорун уламалар кеңешинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 200 делегат жашыруун добуш берүү менен чечет. Карапайым калк арасында Чубак Жалиловду кийинки президент катары көргүсү келгендер арбын. Азыркы бийлик мындайга жол бериши күмөн. Ошондуктан Чубак Жалилов үчүн муфтийлик орун татаалга турбайт, эгерде президенттик амбициядан баш тартса...
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба тармагын тейлей турган вице-премьер-министр кызматын түзүү сунушталды. Демилгечи депутат Алмасбек Акматовдун ("Бир бол") түшүндүрүүсү боюнча, Кыргыз мамлекети 70 пайызга агрардык өлкө болгондуктан бул тармакка өзгөчө көңүл буруу керек. "Бул тармакты биринчи вице-премьер-министр карап, бардык күчүн жумшап жатат. Бирок ал башка тармактарды дагы карайт да. Ошондуктан өзүнчө вице-премьер-министр кызматын түзүү керек же вице-премьер-министр статусун айыл чарба министрлигине берүү зарыл", - дейт эл өкүлү. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги камсыздоого мамлекеттик бюджеттен эң көп каражат бөлүнгөн тармактардын бири. Бирок өзүнчө вице-премьери жоктугунан өнүкпөй жатат деген логика ынанымдуу эмес. 2016-жылы бул министрликке 1,6 миллиард сомдон ашуун каражат коротулган, бул акчанын 51,3 пайызы (836 миллион 218 миң сом) мекеменин кызматкерлеринин айлык маяналарына кеткен. Эгер бул тармакты тейлей турган вице-премьер-министр кызматы пайда болсо, аны ээлеген адамды жана жардамчыларын камсыздоого да кошумча каражат бөлүнүшү керек болот. Бүгүнкү өкмөттүн курамында 4 вице-премьер-министр кызмат орду бар: биринчи вице-премьер-министр, социалдык маселелер боюнча, экономикалык маселер боюнча жана чек ара маселелери боюнча вицелер. Ар биринин карамагында бир топ министрликтер жана мекемелер бар.
Парламенттеги коалициялык көпчүлүктөгү 3 фракция өз ара бөлүштүргөн квоталар боюнча "Бир болго" вице-премьерлик орун берилген эмес. Бул фракциянын квотасында Айыл чарба жана мелиорация министрлиги гана бар. Андыктан депутаттын бул сунушу - мамлекеттик ресурстарга көбүрөөк таасир этүү аракети эмеспи деген да суроолорду жаратат. Албетте, мамлекетте агрардык сектордун келечеги кең. Бул тармакка сөзсүз түрдө көңүл бөлүнүп, өнүктүрүлүшү зарыл.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев президент Алмазбек Атамбаевди массалык маалымат каражаттардын үстүнөн жазган арызын кайтарып алууга чакырарын билдирди. ММКлардын үстүнөн берилген арыздар өлкөдөгү сөз эркиндигине терс таасирин тийгизип жатканын айтат, акыйкатчы. Белгилүү болгондой, Башкы прокуратура "президенттин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратышты" деп, “Азаттыктан” 20 миллион сом, “Занозадан” 12 миллион сомдук компенсация өндүрүп берүү боюнча сотко арыз тапшырган. Буга байланыштуу бул эки сайттын банктагы эсептери камакка алынган. Өлкө башчы бул арыздарды кайтарып албасын, керек болсо эл аралык сотко чейин барууга даяр экенин билдирген эле. Акыйкатчы жакын арада Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында жылдык отчёт берет. Эл өкүлдөрү бере турган суроолордун катарында учурда өлкөдөгү сөз эркиндиги маселеси сөзсүз болот. Президент менен ММКлардын ортосундагы күч алган маалыматтык согушта акыйкатчынын милдети бул калыстык. Акыйкатчы бүгүн өткөн тегерек столдо сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоо күрөшүнө азууларын курчутуп даярданарын айтып, убада берди.
кошулду

