Орусиядагы сауналардын биринен интимдик кызмат көрсөтүп жүрүшкөн 6 кыз кармалды. Алар Кыргыз жеринен келишкенин айтышты

Орусиянын Калининград шаарындагы сауналардын биринен интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 6 кыз кармалды. Алар Кыргыз жеринен келишкенин айтышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Кармалгандардын биринин айтымында, Кыргыз жеринен алгач Москвага, кийин Калининградга сойку болуп иштөө үчүн келген. Ошондой эле алар менен бирге эки айдоочу кармалган. Алар кабыл алынган буйрутманын негизинде кыздарды белгиленген жерге жеткирип турушкан.
"Сойкулук менен алектенген кыздарга административдик протокол түзүлдү. Ал эми эки айдоочу интимдик кызмат көрсөтүүчү жашыруун жай уюштурганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Калининградда кармалган кыздар кыргызстандыктарбы?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
1

1. Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
2. Этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуӊуздар.
Оозеки эскертүү!
1.Адепсиз, уят сөздөрдү колдонууга болбойт!
2.Адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.