Муфтийликке Чубак ажы Жалилов талапкерлигин койду
Кыргыз өлкөсүнүн муфтийлигине 3 талапкер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, талапкерлер: учурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жана Ош, Баткен облустарынын мурдагы казысы, мугалим Ниязалы Арипов.
Муфтийди шайлоо 3-апрелде өтүп, шайлоого Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү катышат. 4-апрелде жалпы мусулмандардын курултайы өткөрүлүп, жаңы шайланган муфтий тааныштырылат.
Жалпы мусулмандар курултайына өлкөнүн бардык облустарынан өкүлдөр келишет.
"Курултайда азыркы муфтийдин 3 жыл аралыгында жасаган иштеринин жыйынтыгы да уктурулат. Ошондой эле каржы маселесин көзөмөлдөгөн Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы шайланат. Бул кызматка жалпысынан 8 талапкер өздөрүнүн документтерин жөнөтүшкөн. Учурда Аалымдар кеңешинин алдында түзүлгөн комиссия алардан экзамен алып жатат. Кимдин каржы жаатында билими болсо жана бул жааттагы маселелерди жакшы түшүнсө курултайда кызматка тандалат", - деди М.Атабаев.
Ал белгилегендей, Борбордук текшерүү комиссиясы муфтият, казыят, ажылык жана башка жалпы дин боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардагы каржы маселелерин көзөмөл кылат.

болот деп - 1500$ дан кем айтпайт
Бубуайым карындашка тенелбейли туугандар!
В то время кандидат от округа Сузак-Базар-Коргон Замирбек Мураталиев уступил другому кандидату Абдумуталипу Хакимову. Проигравший кандидат обратился в суд. Юсупов ст
- В Бишкеке он нашел людей Бакиевых. Вместе с ними митинговал и говорил: "Узбеки тоже поддерживают Бакиева". Спустя 3-4 месяца после революции он начал появляться в Сузаке в костюме. Говорил: "Я из штаба Бакиева". Стал р
Чечняны просто Путин ондоп койду и все.
Путин акырыыын гана алдап койду нан ыргытып.
Аны коптору тушунбой эле Рамзан Рамзан деп турушат