super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кубат Оторбаев: "Баш аламандыктарга каршымын, бирок оппоненттердин пикирин урматтоо керек"

 

Бишкекте 30-мартта өлкөдөгү сөз эркиндиги жана тынч жыйналыштар талкууланган тегерек стол өтүүдө. Жыйынга саясатчылар, эксперттер, журналисттер жана башкалар катышып жатат.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев баш аламандыктарга каршы экенин билдирип, ошол эле учурда бийликти оппоненттердин пикирин урматтоого чакырганын айтты. "Эгерде "Азаттыкты", "Занозаны" жана 24.kg агенттигин жоопкерчиликке тартууну кааласак, анда буюртма материалдарды чыгарып жаткан ММК өкүлдөрүн да жоопко тартышыбыз керек. Мен мамлекеттик телеканалдын жетекчилигин альтернативдүү пикирлер үчүн аянтча берүүгө чакырат элем", - деди Оторбаев.

Белгилей кетсек, Кубат Оторбаев 2010-2014-жылдары КТРКнын башкы директору кызматын аркалаган.

Оторбаев президент Алмазбек Атамбаевди ММКлардын үстүнөн жазган арызын кайтарып алууга чакырарын ММКларга берген маегинде билдирди. Айтымында, ММКлардын үстүнөн берилген арыздар өлкөдөгү сөз эркиндигине терс таасирин тийгизүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-мартта журналисттер менен жолугушууда ММКлардын үстүнөн жазган арызын кайтарып албасын, ушак, жалган-жалаа жазгандар мыйзам алдында жооп бериши керектигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.03.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
маладец оторбаев сизди урматтайбыз
30.03.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыз,акыйкаты ачык айкын айттыныз,еми сизгеда иш козгошпосо еле
30.03.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Меникиндей ач карын сенде деле ток эмес, Меникиндеги коп койгой сенде деле жок эмес,Туболук эч Ким башчы эмес аны тушунбой койу жакшы эмес бирок акыйкат айтсан чондорго ар дайым эле жакчу эмес. Элмирбек Иманалиев.
30.03.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
альтернативдүү пикирлер үчүн аянтчаны Кубат мырза озунун менчик телеканалынан деле берсе болбойбу?

Телеканал,гезиттерге деле азыр оной эмес, бийликтин айтканын кылбаса жаптырып же тартып алышат.Саясатка аралашпай эле тынч оокат кылчу заман болуп калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: