super.kg logo

ИИМдин өкүлү Улан Рысбеков: "Кичине окуядан чоӊ чыр чыгып кетиши мүмкүн, ага милиция жоопкер"

 

Бишкекте 30-мартта өлкөдөгү сөз эркиндиги жана тынч жыйналыштар талкууланган тегерек стол өтүүдө. Жыйынга саясатчылар, эксперттер, журналисттер жана башкалар катышып жатат.

Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков митингдердеги милициянын милдети тууралуу айтты.

"Милиция кызматкерлерине да жарандардын укугун коргоо деген темада сабактар өтүлөт. Биз деле өлкөнүн жарандарыбыз. Митингде режимдик мекемеге бөтөлкө, таш ыргытылып жатса, кырдаалга биз жоопкер болобуз. Кичине жерден чоӊ чыр чыгып кетиши мүмкүн. Ар кандай уюмдар бар, ошол окуядан кийин баш аламандык башталып талап-тоноолор башталса, митингге чыккандардын көбү үйлөрүнө кирип кетишет. Алар тополоӊ бүткөндөн кийин баатыр болуп чыга келишет. Ар кандай сындар айтылууда. Милиция кызматкерлери да сиздердин балдар экенин унутпасаӊар. Коомдук коопсуздукту сактоого милдеттүүбүз", - деди Рысбеков.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев тынч митингде мурдагы депутат Садыр Жапаровдун уулунун сабалышын иликтөө зарылдыгын айтты. ИИМдин өкүлү бул кырдаал боюнча сөзсүз кызматтык иликтөө жүрүп, күнөөлүүлөр жазага тартыларын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.03.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
25 марта милицияларга карата бир ботолко ыргытылыптыр(аны дагын озунордун граждандык кийим кийген кызматкеринер ыргытышкан)деп арызданып жатасынар.Ал эми 7 апрелде силерге карата азыркы мультимиллионердин бийлиги ошол кезде оппозицияда жургондо ок атышкан анан БТР менен силерге ок аткан канчалаган машинерди куйгузушкон ошолрду дагын камап салсанар анан силер чындап элдик милиция болосунар.
KGstan1981 түзөттү 2017-03-30 12:40:38
30.03.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
качантан бери жоопкер болуп калган
30.03.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ойлойм ИИМ дагын сезди окшойт мультимиллионердин жана КСДПнын кемеси чогуп жатканын ошону учун алдын ала элдин алдында оздорун актап жатышат.А то потом сотрудники МВД окажуться очень не ловком положение.
KGstan1981 түзөттү 2017-03-30 12:52:50
30.03.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силер биринч элди сабаганды токтоткула анан силерди эл сыйлайт ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-03-30 16:20:19
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: