Бишкекте маринаддалган бадыраңга ууланып 4 адам ооруканага жаткырылды, арасында кош бойлуу келин бар
Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 29-30-март күндөрү ботулизм диагнозу менен 4 адам жаткырылды. Алардын экөө ооруканага өздөрү келишсе, экөө "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген. Биринин абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен 30-мартта билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-мартта бейтаптар конокко барышкан (ал жерде жалпы 15 адам болгон). Алар үй шартында даярдалган маринаддалган бадыраң менен бадыраң кошулган оливье салатын жешкен. Баарына тийиштүү жардам көрсөтүлдү.
Маринаддалган бадыраңга уулангандар:
1. К. Э. 1994-жылы туулган. 8-9 жумалык кош бойлуу.
2. К. Ж. 1995-жылы туулган.
3. Т. Р. 1985-жылы туулган.
4. К. Г. 1941-жылы туулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Эртерээк сакайып кетишсин.