super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери менен таанышты

 

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-мартта Чүй облусундагы Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков жаан-чачын көп болгондуктан, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү өзгөчө кырдаалдардын жаралуусуна алып келип жатканын айтты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кооптуу абалдардын алдын алуу үчүн тиешелүү ведомстволор тарабынан 12 участокто жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү боюнча иштер жасалып жатканын билдирди. Министрлик тарабынан Чүй дарыясынын жээгиндеги Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 68 чакырымына бекемдөөчү тосмолор коюлганын белгилеп өттү.

Премьер-министр жээктерди оңдоо боюнча тиешелүү министрликтерге 2017-жылдын февраль айында тапшырма бергенин эскертип, башталган ишти өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. Аны менен бирге Сооронбай Жээнбеков ӨКМ ишин сынга алып, жээктерди бекемдөө боюнча оперативдүү иштердин жыйынтыгын көрбөй жатканын кошумчалады.

Өкмөт башчы башталган иштерди аягына чыгаруу үчүн Каржы министрлигине калган финансылык каражаттарды убагында бөлүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: