super.kg logo
  Саясат  

Сайдулла Нышанов: "Чиновниктер Бишкектеги элита батирлерин башка бирөөгө каттатып коюшкан"

 

"Бишкектеги элита батирлерде чиновниктер жашап, бирок башка бирөөгө каттатып коюшкан", - деди 30-мартта парламентте депутат Сайдулла Нышанов.

Депутат Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиевден мындай кырдаалды кантип жойсо болорун сурады эле, Момуналиев чиновниктер декларация тапшырышканда анализделе турганын айтты. Нышанов күч органдарында иштеген кызматкерлер кымбат автоунааларды айдап жүрүшкөнүн айтып, бирок унаа башка бирөөлөргө катталганын кошумчалады. “Өздөрүнө каттоо боюнча маселени карай турган болсок, аягына чейин чечели”, - деди депутат.

Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: