super.kg logo

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарын оңдоого 6 миллион долларга жакын каражат жумшайт

 

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарын оңдоого 5,9 миллион доллар жумшайт. Бул тууралуу 30-мартта Казакстан өлкөсүнүн Кыргыз Республикасындагы элчилиги кабарлады.

"Муну менен биз Борбор Азия аймагына транспорттук коридорду кеңейтүүнү, чек арадан өтүү процессин ылдамдатууну, ошондой эле жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү көздөп жатабыз. Оңдоо иштери май айынан ноябрь айына чейин уланмакчы. "Кордай" пунктунда унаа токтотуучу жай курулуп, жолдорго жаңы асфальт төшөлөт", - деп билдирди элчиликтин өкүлү.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев президентке жана Казакстандын Адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" пунктундагы шарттардын жоктугу жана казак чек арачыларынын иш-аракеттери боюнча кайрылган.

Жакын арадан бери кыргыз-казак көзөмөл өткөрүү пункттары оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабыла баштады. Казак президенти Нурсултан Назарбаев да транспорттук коридорду кеңейтүү зарылдыгын жана тейлөөнү жогорулатуу керектигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.03.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча болунгонун эле жазасынар ошол акчага эмне жумуш бутрурушконун да жазып койгулачы
31.03.2017. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшигин коруп торуно от!
Ошол акчаны кулкунга куйбай, козомол откоруу пунктун стандарка ылайык бутурушсо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: