super.kg logo

Социалдык түйүндүн колдонуучусу: "Улуттук онкологиялык борбордун дарыгери өлүм алдындагы бейтаптардын дарысын уурдап жатат"

 

Улуттук онкологиялык борбордун дарыгери өлүм алдындагы бейтаптардын дарысын уурдап жатканын кечээ, 29-мартта социалдык түйүндүн колдонуучусу Феликс Калыбеков жеке баракчасына жазган.

Ал баракчасына: "Улуттук онкологиялык борборундагы 3-бөлүмдүн дарыгери өлүм алдында жаткан бейтаптардын дарысын уурдап жатат. Мен муну жөн калтырбайм. Атам ашказанынан рак болуп төшөктө жатат. Операциядан кийин кечки ийне саюу учурунда дарыгер колдонулган чүпүрөккө атамдын дарыларын ороп уурдап алган. Бул кылмыш. Дарыгердин бул аракетин жанымдагылар көрүштү. Алар керек болсо далилдеп беришет", - деп жазган.

Ошондой эле Феликс Калыбеков Саламаттыкты сактоо министрлиги, депутаттар, айтор, ким текшерүүгө милдеттүү болсо, бейтапкананын ишин текшерип, дарыгерди жазалаш керек деген оюн жазган.

Улуттук онкология борборуна байланышканыбызда, катталган окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты.

Ал эми Феликс Калыбеков SUPER.KG порталына дарыгер андан кечирим сураганын айтты.

"Бул иш боюнча атайын кызматтык териштирүү башталганын жетекчилери билдиришти. Ошондой эле окуяга тиешеси бар дарыгер жумуштан алынарын айтышты. Ал эми дарыгер менден кечирим сурап, социалдык баракчага жазган билдирүүнү алып салууну суранды", - деди Калыбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.03.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Онкологдон кудай сактасын. Алардын козуно бейтаптар доллар болуп корунот.
30.03.2017. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жазасын алсын
30.03.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кудай озу эсептешет
30.03.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тообо ыйман берсин
31.03.2017. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Онколог акча учун онкосунан кеткен экен.
Жазасын алсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: