Бүгүнкү Оштогу бош орундар жарманкесинде 22 жаран жумушка орношту





Бүгүн, 30-мартта Ошто "Бош орундар жарманкеси-2017" иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеге өлкөнүн аймактарынан алынган 4500дөн ашуун бош орундар жумуш издегендерге сунушталды.
"Иш-чарага 36 мекеме-ишканалар пайда болгон бош орундары тууралуу айтып, өндүргөн азыктары менен катышышты. Жарманкеге жумуш издеген жарандар, ошондой эле Ош шаарындагы жогору окуу жайлардын, кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү катышышты", - деп жазылат маалыматта.
Жарманкенин жыйынтыгында иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөргө катышкандардын арасынан 22 жаран жумушка орношкону маалым болду. Мындан сырткары 207 резюме кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Ошол 22 адам кай кесиптер боюнча жумушка кабылданышты??
Жеке мага ошол кызык?!