super.kg logo

Президенттик шайлоого байланыштуу БШК башка имаратка көчүрүлбөйт

 

Президенттик шайлоого байланыштуу БШК башка имаратка көчүрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта башка имаратка көчүү убакытты жана техникалык мүнөздөгү кошумча түйшүктү талап кылары айтылат.

"Муну эске алуу менен, БШК алдыдагы шайлоого карата татыктуу даярдык көрүүдө чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүктөн, башка имаратка көчүрүлбөй турган болду", - деп жазылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясын азыркы «Айыл банк» ААК башкы кеңсеси жайгашкан имаратка (Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50) көчүрүү сунушталган. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-мартта "Айыл банк" ААК азыркы имараттагы ижара мөөнөтүн 3 жылга узартуу боюнча өкмөттүн буйругуна кол койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: