ЖЫЛНААМА, 31-МАРТ: 128 жыл мурун Парижде айтылуу Эйфель мунарасы салтанат менен ачылган
Мындан 127 жыл мурун, 1889-жылы 31-мартта Франциянын сыймыгы болуп эсептелген Эйфель мунарасы салтанат менен ачылган. Мунаранын конструктору Александр Гюстав Эйфель темирден курулган мунаранын чокусуна жөө чыгып, Франциянын туусун орноткон. Мунаранын аталышы анын түзүүчүсү Александр Гюстав Эйфелдин ысымынан коюлган.
XIX кылымдын 80-жылдарынын аягында Франциянын борбор шаары Парижде Франциядагы революциянын 100 жылдык мааракесине карата Бүткүл дүйнөлүк өндүрүштүк көргөзмөнү өткөрүүгө даярданат. Курулуш тармагы өнүгүп жаткан мамлекет экенинин далили катары көрүнүктүү курулушту көргөзмөгө келгендерге көрсөтүү зарыл эле. Башкача айтканда, зарыл монументти жаратуу керек болчу.

Бир жыл өткөндөн кийин Париж бийлиги менен Эйфель келечектеги бүткөрүлүүчү мунараны 20 жылга ижарага алууга келишим түзүшөт, ошондой эле курулушка жумшоо үчүн бир жарым миллион алтын франк өлчөмүндө субсидия алат. Бул каражат курулушка кеткен чыгымдардын төрттөн бир бөлүгүн гана жаба алмак. Ошого байланыштуу Эйфель 5 миллион франк капитал өлчөмүндө акционердик коом түзөт. Ал капиталдын жарымы өзүнө таандык эле.
Мунаранын курулушу 1887-жылы 27-январда башталып, ал катуу ылдамдык менен жүрүп турган. Ага керектелүүчү бардык элементтер жана темир-тезектер өтө так өлчөмдө өлчөнүп, Эйфелдин өзүнүн заводунда жасалган. Мунара 18 миң элементтен туруп, 2 миллион кадоолор (заклёпки) менен кадалган жана жалпы салмагы 10 миң тоннаны түзгөн. Курулушта бир убакытта 250 жумушчу эң жогорку бийиктикте жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө да, кыш чилдесинин ызгаардуу суугунда да тынбай иштешкен. Ошол 5 жылдын ичинде бир гана кокустук болуп, италиялык бир жумушчу мунарадан учуп өлгөн.

1887-жылдын 7-декабрына чейин 57 метр болгон мунаранын 1-кабаты гана бүткөрүлүп, 1888-жылдын 14-августуна карата 115 метр бийиктикте жайгашкан 2-кабаты курулуп бүткөрүлгөн. 1889-жылдын 31-мартында бийиктиги 300 метр бийиктиктеги гигант курулуш аяктаган.
Кабаттарга туристтерди алып чыгуу үчүн вертикалдык лифттер керектелген. 1-2-кабаттарга ар ким өзү тепкичтер аркылуу деле чыкса болмок. Ар бири 80ден адам батырган 3 эки ярустуу лифт 2-кабат менен мунаранын ортосун бириктирип каттап турган. Дагы бир эки кабиналуу лифт туристтерди 3-кабатка жана эң чокусуна жеткирген.
Эбегейсиз зор жана кооз мунара париждиктер менен ага келген туристтердин көңүлүн ачып, куштарланып кетчү гана жайы болбостон, илим үчүн да кызмат өтөй баштаган. Мисалы, анын чокусуна метеорологияны байкоочу станция жайгаштырылган. Мунара Фуко маятниги баш болгон көптөгөн физикалык тажрыйбаларды жүргүзүүгө да ылайыктуу болгон. Мунаранын эң жогорку кабатына Эйфель астрономиялык лабораторияны, өзүнө иш кабинетин жана чаканыраак мейманкананы да жасаган.

31-мартка карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.