super.kg logo

Түркия тарап Боинг кырсыгында жабыркагандарга 42 миллион сом которду

 

Түркиялык "ACT Airlines" компаниясы Боинг кырсыгынан жабыркагандарга компенсациянын бир бөлүгүн которду. 600 миӊ доллар (42 миллион сомдун тегереги) 30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине келип түшкөнүн биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Өкмөт мүчөсүнүн айтымында, Түркия тарап компенсацияны толук которгондон кийин акча жабыркагандарга берилет. Ал Кыргыз тарапка келтирилген материалдык чыгымды төлөөдө пикир келишпестиктер жок экенин, азыркы учурда тактоо жана макулдашуу процесси жүрүп жатканын кошумчалады.

Абылгазиев 30-мартта "ACT Airlines" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алган. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтөөдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
31.03.2017. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы экен. Дагы канча которот экен
31.03.2017. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шайлоо деп ал акчалар да жок болуп кетпесин
31.03.2017. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кочуруп эле коп кабатту уйдон сатып берсе деле акчасы жеткидей болуптур 600мин доллар бизден чогулган 100миллион анан окмот жетпегенин кошмолосо коп кабаттуу уй келет го ал айылда калып жашаш озу коркунучтуу,,,Кочуруп койсо сонун болмок...
31.03.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол чогулган акчаларды токпой-чапай,ичип-жебей бере корушсун эми!Ынсап бере кор болуштургондорго!
31.03.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол акчаларды чогултуп көп кабаттуу үй куруп берип коюшса болот эле. Акча колго тийгенден кийин жок болуп кетет да. Оздоруно деле ишенич жок!
31.03.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ата менен баланы ачуу кылган алты пул алгандарга ынсап берип толугу менен таркатып беришсин адатынча 2 шифер 3 шифер кылып таркатпай бироонун акысын жеген тууралы Чубак ажы телевизордон реклама болуп жаткан учурда айтып туруш керек эле да
31.03.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жесе жооп берчү күндөрүда келет,ал үчүн кыжаалат болбогула.
31.03.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны эртелетпесе, шайлоо алдында, бирөөлөргө упай чогултууга курал болуп бербесе болду..
31.03.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашанын куржуну домпойуп жетпей жаткан жерине жете бекен ? Же дагы бир нерсе болсо эсеп счет ачтырайын деп тилек кылып олтура бекен.
31.03.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калганын кутуп отурбай даяр уйдон сатып берип,жайгаштырып койушса жакшы.элден деле коп акча чогулгандай болдуго.Калганын куткон Адам болуп,оздорунчо каяка кыстарып калсак экен деп пландашса керек.
31.03.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
атамбай качан жооп берет екен ошол жугу учун
31.03.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоого акча топтоп жатышат да.
31.03.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ондон бир болугун айтып койуштуго булар,болбосо ошончо аз котормок беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: