super.kg logo
  Саясат  

Түштүк Кореянын экс-президенти камакка алынды

 

31-мартка караган түнү Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе камакка алынды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сот Пак Кын Хени 8 сааттан ашуун убакыт суракка алып, "пара алуу", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "мамлекеттик сырларды таратуу" боюнча айыптоолордун негизинде камакка алууга ордер берди. Экс-президент бардык айыптоолорду четке кагууда.

Эске салсак, Түштүк Кореянын президентинин айланасындагы жаңжал анын жакын курбусу Цой Сун Силь "мамлекеттин ишине кийлигишти" деп кармалгандан кийин тутанып, Пак Кын Хенин отставкасы талап кылынган. Өлкөнүн Конституциялык соту март айынын башында Пак Кын Хеге 2016-жылдын декабрында парламент тарабынан жарыяланган импичментти кабыл алган. Муну менен президент кызматтан кеткен эле. Прокуратура коррупция чырына катыштыгы бар деп айыпталган экс-президент Пак Кын Хени камакка алууну суранган.

Учурда анын курбусу Цой Сун Силь камакта. Азырынча өлкө башчынын милдеттерин премьер-министр Хван Гё Ан аткарууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: