super.kg logo

Келишимге кол коюлду: Бишкек-Кара-Балта трассасы 3 жылда оӊдолуп бүтөт

 

Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу иши жакында башталат. Бул тууралуу 30-мартта Транспорт жана жол министрлиги маалымат таратты.

Аталган министрлик менен Кытайдын "China Railway" компаниясынын ортосунда 70 миллион 239 миӊ 899 доллар суммасында келишимге кол коюлду. Маалыматка таянсак, келишим 3 жылга түзүлгөн. Мындан тышкары 365 күн мүчүлүштүктөргө жоопкерчилик мезгили үчүн каралууда. Ошентип долбоорду ишке ашырууга жалпы 4 жыл бөлүндү.

Аталган жолду жаӊылоо боюнча өткөрүлгөн тендерде 2016-жылы чуу чыккан. Ошол кездеги транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровго "тендерге кийлигишип, кытайлык компаниянын кызыкчылыгын алдыга сүрөдү" деген дооматтар айтылган. Азия өнүктүрүү банкы Бишкек-Кара-Балта жолун 70 миллион долларга курат деп кытайлык компанияны сунуштаган эле. Бирок тендердик комиссия ишти кытайлык компаниянын жасашына каршы чыккан. Тендер шек жаратканын айткан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: "Эч түшүнбөйм, эмне үчүн 70 миллион долларга куруп берем дегенге макул болбой, 82 миллион доллар дегенге макул болгону жатышат? 82 миллион доллар менен 70 миллион доллардын айырмасы бар да. Мен сөзсүз бул иштин аягына чыгам", - деген эле Жээнбеков.

Эскерте кетсек, Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу долбооруна Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 100 миллион доллар бөлүнгөн. 65 миллион доллары кредит, 35 миллион доллары грант. Долбоордун алкагында трассаны тийиштүү жабдыктар менен жабдуу, эл жашаган аймактарда трассанын эки тарабына теӊ жаӊы тротуарларды куруу, жол четиндеги арыктарды оӊдоо, жөө адамдар жердин астынан жана үстүнөн өтүүчү тилкелердин эскисин жаӊылоо, жаӊысын куруу иштери да жасалууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
31.03.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ООххх буттубу тендердик комиссия мен бугун чын эле ушу иштин жыйынтыгын кутуп жургом. Мен бугун ушул иштин урматына сосуз майрамдайм. Ишенбесенер келгиле пиво Живое алып берем. 3л андан ашык эмес 0705 83 82 52
31.03.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akshumkar,Адресиңи айт баралы
31.03.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akshumkar,курулуп буткондо майрамда.. Алдыда эмне бар эмне жок . тендердин айынан урушаары турган кеп.
abusait түзөттү 2017-03-31 10:50:58
31.03.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akshumkar, Жума намазга кел майрамдайбыз дебейсинби?
31.03.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Seryi-Kardinal Кызыл Аскер Муса Баетов кочосунун аягы саат кечки 9 да кел пиво алып коем.
31.03.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жол бутот буйруса ошо жакшы бутсун деп майрамдайын деп жатам
31.03.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2 жыл эмне деген шумдук тендерди чечеалбай жаттынар.Ал убакта канча машина сынды канча машина аварияболду. Жол таарынан. Кеебиржеринде эки машина батпайт. Яма чоон чоон. Ушунуэрте эле чечсенержакшы болмоок
31.03.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ураа менин шаарымдын жолун ондошсо жакшыкен,абдан кубанып атам
31.03.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жибек жолунун уландысы качан бутот кайсы аралык асфальт болот ушу жонундо да билип бергиле супер.kg
31.03.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун жанылык, ушу жанылыкты кутуп журдум эле качан жолубуз ондолуп баштаар экен деп, болбосо жолдун абалы отоле начар болуп кетти ямалар коп, эми болунгон каражатты жеп ичип ийбей сапаттуу кылып жакшы бутурткуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: