super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Боинг кырсыгы боюнча кун өндүрүүнү сотсуз бүтүрүшөбү?

 

Бүгүн, 31-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевге жана аталган мекеменин айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Кылмыш ишин "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча Башкы прокуратура ачып, тергөөнү УКМК жүргүзүүдө. Сарпашев 4 жыл мурунку окуяларга айыпталууда. Тагыраагы, 2013-жылы атайын бланктарды сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Ошол учурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашевге тендерде ким жеӊүүчү болгону жөнүндө кат жиберилгенине карабай, Сарпашев утулуп калган компаниядан бланк сатып алууну айтып Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырма берген деп айтылды.

Бул көпчүлүккө күтүүсүз окуя. Анткени Сарпашевге башка чуулгандуу окуялар боюнча доомат коюлуп, дээрлик 2 айдан бери териштирүү жүрүүдө. Сарпашев Бакиевдерге таандык жер тилкесин аресттен чыгаруу боюнча сот чечимин аткарууну айтып Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгына тапшырма берген деп шектелген эле. Башкы прокуратура премьер-министрдин атына кат жолдоп Сарпашевди кызматтан алууну сунуштаган. Мындан кийин ишти иликтөө боюнча комиссия түзүлүп, иш бүткүчө кызматтан убактылуу четтетүү боюнча арыз жазган. Прокуратуранын сунушун комиссия иликтөөдө, 10 күндөн кийин жыйынтык чыгары күтүлүүдө. Адатта, саясатчылар үстөккө-босток айыптардан кийин кармалып, камалышат. Бул жолу да ошондой сценарий ишке ашышы мүмкүн. Сарпашев Бакиевдин жер тилкеси боюнча чууну "саясий оюн" деп баалап, мунун артында президенттик креслону көздөгөн саясатчылар турат деген ишеничте.

Башкы прокуратура Жогорку Кеӊештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго тийиштүү башка материалдарды сурап УКМКга кайрылды. Ушундай эле өӊүттө буга чейин мурдагы башкы прокурор, депутат Аида Саляновага кайрылган эле. Салянова Өмүркуловго ачылган кылмыш иши боюнча сотто каралган материалдардан башка да материалдар бардыгын, ал УКМКда экенин билдирген. УКМК Өмүркуловго каршы материалдарды табабы-жокпу белгисиз. Көпчүлүк Өмүркуловдун кылмышка айыпталып сот жообуна тартыларына ишенбей турат. Буга чейин дагы Өмүркулов буга окшогон абалдан өткөн. Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышында бийлик коррупция менен күрөшүүдө тандалма мүнөздө иш алып барып жатат деген айыптоолордон кийин Иса Өмүркуловго кылмыш иши ачылып, 1 жылга жетпей толук акталган. Ошол учурда депутат Ахматбек Келдибеков камакка алынып, коомчулукта, парламентте "оппозиция кысымга алынууда, коррупция менен күрөш тандалма жүрүүдө" деген сындар күч эле. Өмүркуловго ачылган ишти "бийлик өкүлдөрүнө деле иш козголуп жатат" деген жооп үчүн атайын жасалды дегендер да чыккан. Бүгүн да бийликтин оппоненттерине ар кандай беренелер менен кылмыш иштери ачылып, камакка алынууда. Коомдогу чыңалууну бир аз басаңдатыш үчүн кайрадан Иса Өмүркулов колдонулабы?..

Парламентте "Ата Мекен" фракциясы Боинг кырсыгы, анда жабыркагандарга жардам көрсөтүү маселесин талкуулашты. Депутаттар аэропортко жакын жерде үйлөрдүн жайгашуусу кооптуу экенин айтып, айылдагы 250 түтүндү башка аймакка көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташты. Депутаттар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан банктык эсептеги акчаны, Түркия тарап төлөгөн компенсацияны, өкмөттүк жардамды кошуп жабыркагандарга Бишкекке көп кабаттуу үй курууну сунушташты.

Бул жыйында дагы атайын эсепке чогулган акча жабыркагандарга качан бөлүнүп берилери белгисиз бойдон калды. Окуядан кийин түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын иш жыйынтыгын күтүүдөн башка жол жок. Түркиялык "ACT Airlines" компаниясы Боинг кырсыгынан жабыркагандарга компенсациянын бир бөлүгүн которду. 600 миӊ доллар же 42 миллион сомдун тегерегиндеги акча 30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине келип түшкөнү белгилүү болду. Банктык эсепте топтолгон акча сыяктуу эле, бул каражаттын да жабыркагандарга качан берилери бүдөмүк. Түркия тарап компенсацияны толук которгондон кийин акча жабыркагандарга берилет. Жабырлануучуларга компенсация кандай өлчөмдө төлөнөт? Анын көлөмүн ким бычты? Депутаттар тарабынан ушундай суроолор берилип, өкмөт өкүлдөрү жооп айта алышкан жок.

Өкмөттүк комиссиянын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "биз соттук териштирүүсүз эле эл аралык нормага ылайык компенсация алууну көздөп жатабыз. Эгер жабыркагандардын туугандарын түрктөр тарабынан берилген сумма толук канааттандырса, анда маселе соттук териштирүүсүз чечилет" деди. Бул билдирүү суроолорду ого бетер күчөттү. Түркия тарап өкмөттүн тилин таап, жоопкерчиликтен оңой кутулуу айласын издеп жаткан жокпу? Өкмөт өз жарандарынын укугун коргой алабы? Топтолгон акчанын суммасына, аны бөлүштүрүү машакатына, жабыркагандардын күнүмдүк көйгөйүнө көбүрөөк көӊүл бурулууда. Убакыттын өтүшү менен коомчулукта учактагы жүктүн ээси ким экенине кызыгуу жоголуп бараткансыйт...

Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу иши жакында башталат. Кыргыз мамлекетинин Транспорт жана жол министрлиги менен Кытайдын "China Railway" компаниясынын ортосунда 70 миллион 239 миӊ 899 доллар суммасында келишимге кол коюлду. Келишим 3 жылга түзүлгөн, кошумча 1 жыл мүчүлүштүктөргө жоопкерчилик мезгили үчүн деп каралууда. Үзгүлтүккө учурабаса, долбоор 2021-жылы бүтөт.

Жол курууга 82 миллион доллар сунуштаган компания утулуп, 70 миллион сунуштаган компания жеӊди. Белгилүү болгондой, долбоорду Азия өнүктүрүү банкы каржылайт. Аталган каржы уюму Бишкек-Кара-Балта жолун 70 миллион долларга курат деп кытайлык компанияны сунуштаган эле. 2016-жылы тендердик комиссия ишти кытайлык компаниянын жасашына каршы чыгып, 82 миллион доллар сунуштаган башка компанияны тандаган. Бул арада мурдагы транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровго "тендерге кийлигишип, кытайлык компаниянын кызыкчылыгын алдыга сүрөдү" деген дооматтар айтылган. Тендердик комиссия арзанын эмес, кымбат бааны сунуштаган компанияны тандап жатканы премьер-министр Сооронбай Жээнбековго да жаккан эмес. Парламент жыйындарынын биринде ал "мен бул иштин аягына чыгам" деп депутаттарга сөз берген. Аткаруучу компания тандалды. Эми жолдун сапаттуу жасалышын, каражаттын рынок баасында көрсөтүлүшүн, өз убагында бүтүрүүнү көзөмөлдөө керек. Анткени бул миллиондорду кайра төлөп берүү керек болот. Кыргыз мамлекети карыздын көбүн жол курууга алат. Расмий маалыматка таянсак, 1995-жылдан бүгүнкү күнгө чейин бул тармакка 2 миллиард 435 миллион доллар алган. Мунун 2 миллиард 145 миллион доллары кредит. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан аталган долбоорго 100 миллион доллар бөлүнгөн. 65 миллион доллары кредит, 35 миллион доллары грант. Эртеби-кечпи карызды төлөө мезгили келет...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: