Бишкекте 13-14-апрелде Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин жыйыны өтөт
Бишкек шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин кезектеги жыйыны өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу 31-мартта президенттик аппарттан билдиришти.
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеванын маалыматы боюнча, жыйын 2017-жылдын 13-14 апрелинде өтөт. Жыйналышка Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Орусиянын президенттери катышат. 23-мартта президент Алмазбек Атамбаев Беларусь президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин Бишкекте өтүүчү жыйыны боюнча да пикир алышканы айтылган эле.
Аталган кеӊештин акыркы жыйыны 2016-жылдын 26-декабрында Орусияда өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

