super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-МАРТ: 290 жыл мурун бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчүн ачкан улуу англиялык физик Исаак Ньютон көз жумган

 

Мындан 290 жыл мурун, 1727-жылы 31-мартта адамзат тарыхындагы улуу инсандардын бири, бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчүн ачкан англиялык физик, математик жана астроном Исаак Ньютон көз жумган. Ал 1642-жылы 25-декабрда Улуу Британияда туулган. 1661-жылы Кембридж шаарындагы даңазалуу университеттин Тринити-колледж окуу жайына өтөт. Андан соң 30 жыл бою дал ушул окуу жайда окуп жана эмгектенген.

Анын 1686-1687-жылдары жарык көргөн "Табигый философиянын математикалык башаттары" аттуу фундаменталдык эмгегинде бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчү мыйзамы жана классикалык механиканын калыптанышына өзөк болгон үч физикалык мыйзам баяндалган. Ньютон дифференциялык жана интегралдык эсептөө, түстүүлүк теориясы жана башка математикалык жана физикалык теорияларды иштеп чыккан. Анын эмгектери физика жана математика илимдеринде жаңы доорду ачып берген. Ал Галилео Галилей түзүп баштаган теориялык физика илимин калыптандыруу ишин жыйынтыктаган. Жыл сайын физиктин туулган күнүндө илимий коомчулук Ньютон күнүн белгилейт.

Ньютон өзүнүн ачылыштары тууралуу мактангысы келген эмес. Себеби изилдөөлөрүнө, ачылыштарына өзүнөн мурун жашаган окумуштуу, физиктер жол ачкан деп эсептеген. Анын белгилүү "э0герде мен башкаларга караганда көбүрөөк нерсени көрүп жатсам, демек, алптардын ийининде турам" деген сөзү бар.

31-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: