"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Өзгөрүш айыл өкмөтү: "Бууракан айылына барчу жолдо техникалар иштеп жатат"
Жалал-Абаддагы Бууракан-Токтогул жолунда атайын техникалар иштеп жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 31-мартта SUPER.KG порталына Өзгөрүш айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу Айбек Үметалиев билдирди.
"Бүгүнкү күндө Бууракан-Үч-Терек жолунда каттам ачык. Кардан улам эриген суу агып жатат. Мында чоң суу агып, коркунуч жарата турган жагдай жаралган жок. Ошентсе да жол жээктерине шагыл таштап бекемдөө аракеттери көрүлүп жатат", - деп билдирди Үметалиев.
Маалыматка ылайык, Бууракан айылында 250дөн ашуун кожолук эл жашайт.
Эске салсак, буга чейин 29-мартта окурман "Элдик кабарга" Бууракан-Токтогул жолун сел каптап, унаа жүрүүгө мүмкүн болбой жатканын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
13:41
2025-07-04

Рейтинг:
0

Албетте башка техникалар бар,бирок жеке менчик жактардыкы.ушул маселелерди да карап жардам кылсаныздар болмок.