super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 31-МАРТ: 116 жыл мурун "Mercedes-Benz" фирмасынын алгачкы автоунаасы чыккан

 

Мындан 116 жыл мурун, 1901-жылы 31-мартта Германияда "Mercedes-Benz" фирмасынын алгачкы автоунаасы чыккан. Биринчи унаа жарышка түшүүгө ылайыктуу, эки орундуу, моторунун күчү 35 аттын күчүнө барабар болгон. Анын радиатору жана кыймылдаткычы капоттун алдында жайгашкан. Эң биринчи үлгүнүн аталышы Мерседес 35Р5 болгон.

Ал эми 1909-жылы анын логотибиндеги 3 жылдыз иштелип чыккан. Компаниянын логотиби марканын кургактыкта, сууда жана абадагы ийгилигин түшүндүрөт. Башкача айтканда, унааны негиздеген "Даймлер" компаниясы автоунааларды гана эмес, кеменин, авиациянын кыймылдаткычтарын дагы чыгарып турган.

Мерседес - кыздын ысымы. Мария Де Лас Мерседестин атынан келип чыккан. Которгондо "боорукер" деген түшүнүктү берет. Бул ысымдын темир затка коюлуп калуусуна Эмил Эллинек аттуу кишинин таасири чоң. Эллинек ысымды он жаштагы кызынын атынан ыйгарган.

1890-жылы Мерседес-Бенц унаасынын негиздөөчүсү Готлиб Даймлер өз устаканасын ачкан. Бул жайда темир тулпарларды чыгарууну максат кылып, Вильгельм Майбах аттуу устаны өз колуна алып, бирге иш алып барган. Мезгилдин өтүшү менен кичинекей устакана ири компанияга айланган. Алгач ишкана жерде, сууда жана абада жүрүүчү техникалардын кыймылдаткычын чыгаруудан баштаган. Компаниянын андан ары өнүгүп кетүүсүнө Австрия-Венгрия империясынын консулу Эмил Эллинек чоң көмөк берген. Жогоруда айтылгандай, унаага кыздын атынын коюлушуна да Эллинектин ишканага көрсөткөн акчалай жактан колдоосу чоң роль ойногон.

31-мартка карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: