"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалал-Абад шаарындагы оозу ачык люктар жабылды





Жалал-Абад шаарындагы оозу ачык люктар жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта SUPER.KG порталына Шаардык суу канал башкармалыгынын өкүлү Самара Тавалдиева билдирди.
"Шаардагы айрым люктардын капкактары тургундар тарабынан уурдалып жатат. Оозу ачык люктар тууралуу кабар "Элдик кабарга" 9-мартта чыккан. Биздин башкармалык тарабынан ошол замат иликтөө иштери жүрүп, 2 люк бизге тиешелүү экенин аныктадык. Алардын ооздору бүгүнкү күндө жабылды. Ал эми 3-люк "Телекомго" тиешелүү болсо керек", - деди С.Тавалдиева.
Шаарда оозу ачык калган люктардан биздин порталга чыккандар гана болбосо керек. Капкагы жок 3-люктун да оозу жабылат деген ойдобуз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.