super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутаттар пенсия жашына жетпей каза болгон жарандын пенсиясы жакындарына берилиши керектигин айтышты

 

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жыйынында депутат Мурадыл Мамединов пенсия берүүдө “мураскерлик” системи керек экенин айтты.

Депутат жарандын пенсия жашына жетпей каза болуп калса, анын пенсиялары үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө берилишине кызыкты. Соцфонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров камсыздандыруу фондунда топтолгон акча балдарына гана берилерин айтты.

Мурадыл Мамединов балдарына гана берилип, каза болуп калган жарандын жубайына берилбегендиги туура эместигин белгиледи.

“Эмне үчүн адам өмүр бою иштеп, анан пенсия жашына жетпей көзү өтүп кетсе, анын пенсиясы жубайына берилбейт? Мураскерлик болушу керек да. Мисалы, жубайы 5-6 баланы жарык дүйнөгө келтирип, татыктуу тарбия берип чоңойтсо, анан көзү өтүп кеткен күйөөсүнүн пенсиясын алууга укугу болбогону таптакыр туура болбой калат. Бул жерде аялынын укуктары бузулуп жатпайбы. Эне деген ыйык атын жокко чыгарып атасыңар. Ошондуктан “мураскерлик” пенсиялык системи киргизилиши зарыл. Силер бул боюнча тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап алып келгиле, биз таанышып, алымча-кошумчалар менен кабыл алып берели”, - деди депутат.

Депутаттын пикирин фракция лидери Иса Өмүркулов да колдой турганын билдирип, эгерде пенсия жашына жетпей жаран каза болуп калса, анын пенсиясы аялына берилиши керектигин белгиледи. Анткени жубайы эң башкы мураскерлердин бири болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
31.03.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой баласына деле бербейт го.
31.03.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
пенсияга жетпей отуп кетсе Кудайым бейишин берсин
Ал эми ага канча убакытка чейин пенсия бермек эленер андан коро ошол акчаны майыптарга жетимдерге каарылар уйуну берсе жакшы болмок
Бул менин оюм
Кандай ойлойсунар же толош керекпи
31.03.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле жогорудагы mers124 айтмакчы баласына пособие ала албай жургондор баатыр энелер Ден соолугу чектелгендер ала албай журсо
Отуп кеткен адамга пенсия толобой эле койгон онго
31.03.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок отуп кеткендердин арасында омур бою мамлекетке эмгек акынын эсебинен салык толоп соц. фондго акча которуп жургондор да бар да
01.04.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка жагыңарды эптеп алгылачы тим эле акчаңар ашып эмне кыларыңарды билбей жаткандай талкуулайсыңарда....пенсия алгандардын пенсиясын көтөргүлө айлыктарды көтөргүлө акчаңар ашып жатса....ал Аллахтанда ким пенсия жашына жетип жашайт ким жетпей калат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: