ЖЫЛНААМА, 31-МАРТ: Атактуу "Матрица" тасмасына 18 жыл болду
Тасмадан кадр
Мындан 18 жыл мурун, 1999-жылы 31-мартта АКШда илимий-фантастикалык боевик жанрындагы "Матрица" тасмасынын бет ачары болгон. Фильмди режиссёр ага-инилер Лана жана Лилли Вачовскилер жаратышкан. Сценарийин дагы өздөрү жазышкан. Тасмада Киану Ривз, Лоуренс Фишборн, Керри-Энн Мосс, Хьюго Уивинг жана башкалар роль жаратышкан. Ал эми анда жаңырган музыканын автору - Дон Дэвис. "Матрица" төрт ирет "Оскар" жана башка 28 байгени алган.
Маалыматтарга караганда тасманын жаратуучулары Вачовскилер жынысын өзөртүп, эже-сиңди Энди менен Ларри болуп алышкан. "Матрица" тасмасынын кийинки эки бөлүгү "Матрица: кайра жүктөө" жана "Матрица: революция" болуп 2003-жылы тартылган.
31-мартка карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















