super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эркектер, аялдар назик деп басынтып, күчүңөрдү билектен чыгарган кимсиңер? Өзүңөр жинге тийсеңер аялдар урбайт го"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөсү кол көтөрсө эмне кылыш керек?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Күйөөңөр жөн эле ура бербесе керек, аялга кол көтөрүү үчүн дагы тоодой себеп болсо керек. Мисалы, байпагы кир болуп, жуубай койсоң ура бербесе керек. Сен дагы "чача" деп көрүнгөнгө көрүнгөндү сүйлөп эриңе "быдылдап" сөз кайтарып, "аш" десе, "төш" деп "такылдай" берсең керек да же себепсиз эле ура береби?"

"Аялың жинге тийип, ошого жеткирсе уруш керек, муштум менен эмес, шапалак менен бешти берсең өзүнө келип калат".

"Ошого жеткиреби, жеткирбейби урганга кандай акыңар бар? Же тууп, чоңойтуп койдуңарбы? Эркектер, аялдар назик деп басынтып, күчүңөрдү билектен чыгарган кимсиңер? Өзүңөр жинге тийсеңер аялдар урбайт го. Мээни иштетиш керек, ойлонгула".

"Ачууну келтирген силер эмессиңерби? Тилди чыгарган да эркектер силерсиңер. Эч качан аялыңардын жаманын жаап, жакшысын айткыңар келбейт, эмнеге? Байкуш аялдар баланы бакса, үйдөгү жумуштун баарын кылса, кайнене-кайнатасын караса? Отуңар менен кирип, күлүңөр менен чыкса, ошондо да аял жаман. Аял кишинин ошончо кылган ишин баалаганга эркиңер жетпейт. Анан анда-санда сүйлөп койсо шапалак менен чабыш керек дейсиңер!"

"Аялда да, эркекте да кичине акыл болуш керек, бириң тилиңди тартып, бириң колуңду тартып.Тилин тартканды билбеген аялга алакандын жарымын тийгизип койсо эч нерсе болбойт".

"Жашында кол көтөрүп, кыйынсынып жүргөн эркектерди көрүп жүрөбүз. Бирок карыганда калтырап калганда, аялдары, балдары карабай койгондор жашоодо толтура".

"Күйөөңдү сыйлап, сызган сызыгынан чыкпаш керек. Мүнөзүн жаттап, ачуусу келсе эмне кылуу керек, эмне жагат, эмне жакпайт билип алуу керек, ошондо уруш азыраак болот деп ойлойм".

"Кээ бир эркектер бар, аялы төгөрөгү төп келишип, айтканын кылса да ура берген. Аларга кеңеш айта албайм, анткени андай эркектерди түшүнбөйм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.04.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аялга кол которгон бул - аял затынан дагы алсыз эркек.
03.04.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялдын ар бир создоруно конул буруп отурсак эркектер куйугуп олобуз жакшысы сеники туура деп койуш керек алар озгоруп турат бизге окшоп бир калыпта кетпейт бирок гучтуу аялдар да болот алар чанда кездешет
03.04.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кучтору жетпейт да мушташканга, ошого молчат. И дальще молчите хе хе хе
03.04.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыз маалында баары жакшы,жаман катын кайдан чыгат дешчуу беле элибизде
03.04.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шумдук,анда кайра кайра кыз ала бер,тили узарган сайын.Жаман катын кайдан чыгат деп...
03.04.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эркектер эркектер деп эле эмне болуп баратат аял заты ошол суроону берерде аял заты атам агам иним мени кандай жакшы корот эле деген ой келдиби жок келбегени учун эркектерге сын тагылат жакшы соз жыланды ийининен чыгарат деген элибизде жакшы макал бар ошону эскертким келет каттуу тийсе кечиресинер мындай эркек аял деген талкууларды коом мн азырак талкуу кылсак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: