super.kg logo
  Саясат  

Украина элчиси: "Крымга барган депутаттардын саясий билдирүү жасабаганы күнөөнү жеңилдетпейт"

 

Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Микола Дорошенко КСДП фракциясынын депутаттары Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкинанын Крымга барышы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигине экинчи ирет нааразылык катын 30-мартта жөнөттү.

"Крым Украинаныкы болгондуктан Карамушкина жана аны менен бирге баргандар тийиштүү органдардан уруксат алышы керек эле. Мындай эрежелер сакталбаса, кылмыш жана административдик жоопкерчилик каралат. Жеке сапар, саясий билдирүүлөрдүн жоктугу, карапайым эл менен жолугушуулар күнөөнү жеңилдетпейт", - деп жазат элчи.

Айта кетсек, элчи 27-мартта нааразылык нотасын жөнөткөн. Ал эми Марат Аманкулов Крымга жеке сапары менен барганын айтып, ал жакта саясий билдирүү жасабаганын белгилеген. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги комментарий берген жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: