ЖЫЛНААМА, 1-АПРЕЛЬ: Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк күлкү күнү
Бүгүн, 1-апрель - Бүткүл дүйнөлүк күлкү күнү (дагы бир аталышы Акылынан айныгандардын майрамы). Бул күнү дүйнө жүзүндөгү бир катар өлкөлөрдө адамдар жакындарын, досторун тамашага салып, бири-бирине жакшы маанай тартуулашат. Маалыматтарга караганда күлкү күнү биринчи жолу Францияда белгиленген. Анткен менен байыркы римдиктер 17-февралда "Аңкоолордун майрамын" белгилешкени маалым. Ал эми Чыгыш Индияда болсо, илгертеден 31-март күнү алдамай адат өкүм сүргөн. Адистердин айтымында, жеңил мүнөз майрамдын жаралышына табияттын жаз убагындагы тез өзгөрмө кубулушу себеп болгон.
1-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















