Кыргызда билим берүү жана илим жаатында Хан Теңири сыйлыгы түзүлдү
Кыргыз Республикасында жогорку окуу жайлар биримдиги тарабынан Хан теңири сыйлыгы түзүлдү. Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, сыйлыкка жөн жерден Хан теңири деген аталыш берилген жок. Хан теңири чокусуна жетүү үчүн адамдан мыкты даярдык, кара күч талап кылынат. Билим берүү жана илим жаатында да мыкты жетишкендиктер үчүн аталган сыйлык берилмекчи.
Сыйлык улуттук билим берүү тармагынын сапаттуу өнүгүшүн камсыздоого, фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө салым кошкондорго ыйгарылат. Сыйлыктын акчалай суммасы 20 жана 70 миң сом. Мындан тышкары сертификат, Ардак грамоталар да берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.