super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-АПРЕЛЬ: 208 жыл мурун белгилүү орус жазуучусу Николай Гоголь төрөлгөн

 

Мындан 208 жыл мурун, 1809-жылы 1-апрелде орус жазуучусу Николай Васильевич Гоголь Полтава губерниясындагы Миргород уездинде помещиктин үй-бүлөсүндө туулган. Н.В.Гоголь бала кезинен Украинанын кыштактарындагы элдин оор турмушун жакшы билип, жөө жомок, ыр, поэмаларды мыкты өздөштүргөн. 1818-жылы Полтава уездик окуу жайында окуп, андан Нежин жогорку гимназиясына кабыл алынган. 1821-1828-жылдары Нежин гимназиясында окуп жүргөндө инсан катары калыптанып, белгилүү профессор, окутуучулардын таасири менен коомдук аң-сезимин өстүрөт. Нежин декабристтердин кыймылынын борборунан алыс турганына карабастан, гимназисттер Александр Пушкиндин эркиндикти сүйгөн ырларынын, Кондратий Рылеевдин ырларынын духунда чоңоюшкан. Өзгөчө Нежин гимназиясынын инспектору рим окуусунун профессору Беларусовдун китептери, идеалык көз караштары Н.В.Гоголду толкунданткан. 1828-жылы университетке тапшыруу үчүн Санкт-Петербургга келет. Бирок жакырчылыктын айынан окууга өтпөй турмуштан абдан кыйналат. 1829-жылы В.Алов деген псевдоним менен "Ганс кьюха гантел" деген поэма жазат. Жазган чыгармасы катуу сынга учурап , кийинчерээк баарын өрттөп жиберет. Гоголдун жазуу манерасы абдан кызыктуу, стили жөнөкөй болгон. Жазуучунун белгилүү чыгармалары "Өлүү жандар", "Шинель", "Тарас Бульба" жана башкалар.

1-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: