super.kg logo

Майлы-Суу шаарынын мэриясына караштуу "Суу канал" ишканасынан 2 миллион сом уурдалды

 

Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарынын мэриясына караштуу "Суу канал" ишканасынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 2 миллион 222 миң 661 сом өлчөмүндө зыян келтирген. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, жооптуу кызматкерлер 2011-жылдын январь айынан 2013-жылдын апрель айына чейин "Суу каналдын" балансында турган материалдык баалуулуктарды саткандан түшкөн 1 миллион 628 миң 700 сомду өзүлөрүнө алышкан. Мындан сырткары 2011-жылдын июль айынан 2012-жылдын декабрь айына чейин “канал оңдолду жана суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жасалды” деген жалган документтерди жасашып, 593961 сомду өздөрүнө чегерип алышкан. Жогорудагы фактылар боюнча облустун прокуратурасы тарабынан аталган ишканасынын жооптуу кызматкерлерине Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.05.2013. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай кетиште кыргызстанды гулдотобуз деген кокурогун каккан атка минерлер олкону тез эле курутуп бутушот качан ойгонобуз.
06.05.2013. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аткаминердин баары эле ушундай,калп эле тош каккылап патриот боло берет,ошол акча буйруйт беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: