super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-АПРЕЛЬ: 212 жыл мурун белгилүү жомоктордун автору, балдар жазуучусу Ганс Христиан Андерсен төрөлгөн

 
Ганс Христиан Андерсен
"Жапайы ак куулар"
"Кар ханышасы"
"Түрү суук өрдөк"
"Дюймовочка"

Мындан 212 жыл мурун, 1805-жылы 2-апрелде белгилүү балдар жазуучусу Ганс Христиан Андерсен Данияда төрөлгөн. Жазуучу жомокторду кайра иштеп чыгып, фольклор менен көркөм адабият ортосунда жаңы багыт ачкан. Мындан улам Ганс Христиан Андерсен бүгүнкү күндө да эң көп окулган жазуучулардын көч башында турат. Жазуучунун дүйнөгө тараган чыгармалары: "Түрү суук өрдөк" ("Гадкий утёнок"), "Жапайы ак куулар" ("Дикие лебеди"), "Дюймовочка", "Кар ханышасы" ("Снежная королева") жана башкалар.

Анын чыгармаларынын негизинде орусиялык режиссёрлор Лев Атаманов жана Николай Фёдоров 1957-жылы "Кар ханышасы" мультфильмин жаратышкан. Дагы бир советтик режиссёр Владимир Дегтяров болсо "Түрү суук өрдөк" мультфильмин 1956-жылы көрүүчүлөргө сунуштаган. Ал эми Леонид Амальрик аттуу режиссёр 1964-жылы "Дюймовочка" мультфильмин тартуулаган. Бир тууган режиссёрлор Вера жана Михаил Цехановскийлер 1962-жылы "Жапайы ак куулар" мультфильмин тартышкан.

2-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: